Киевдегилер Европа биримдигинин антимонополиялык органы жагдайды жөнгө салууга кийлигишүүсү зарыл деп эсептейт. Компаниядагылар "Ямал — Европа" жана "Түндүк агым — 1" маршруттары токтотулгандыктан, июль айында ЕБ өлкөлөрү дээрлик эки миллиард куб метр газды ала албай калышканын айтышат. Валерий Михайловдун ушул билдирүүнүн тегерегинде кеп учугун чубаган макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.
"Европалыктар ала албай калган газдын көлөмүн толуктап берүү, ошону менен бирге эле Украина аркылуу кошумча транзитти кеңейтпөө үчүн "Газпром" Европадагы жер алдындагы газ сактагычтарын бошотуп жатат. GIE маалыматтарына ылайык, Европада "Газпром" тарабынан көзөмөлдөнгөн жер алдындагы газ сактагычтарда (ЖГС) запас аз. Анткени ЖГСнын Германиядагы оператору Astora ("Газпромго" таандык) 13%дан аз, калган операторлордо орточо 63 пайызга, Австрияда Astora жана GSA (бул да "Газпромго" карайт) — 14%, башка операторлордо — 48%га толгон. Ал түгүл азыр "Газпром" өз келишимдерин аткаруу үчүн сактоочу жайлардан газды алып коюуда. Ошондон улам Европанын ЖГСтериндеги газ таңсыктыгы олуттуу деңгээлде жасалма жана баанын өсүшүнүн түпкү себеби болуп саналбайт", — деп билдирет ОГТСУнун башкы директору Сергей Макогон.
ЕБге бул багытта иш алып барган башка ири ишканалар газ көлөмүн кыскарткан. Арасында өндүрүш инфраструктурасында профилактикалык жана ремонт иштерин жүргүзүп жаткан
Норвегия да бар. Европаны өткөрмө түтүк газын шайма-шай жөнөтүп турган Алжир суюлтулган газды Азияга багыттайт, ал жакта бир топ кымбат сатып алышат. Айрыкча Катар көбүнесе Азияга ыктап калды. Америкалык суюлтулган газ да ошол жакка агылат. Анан да Европанын өзүндө да көгүлтүр от өндүрүү көлөмү эң ири Гронинген газ кенинин акырындап жабылышына байланыштуу азайып жатат. Учурдагы көрүнүштөрдү талдай келсек, европалык рыноктогу газдын баасынын асмандап кетишине кептеген таңсыктыкты жараткан дал ушул ишканаларга доомат койгон оң.
ОГТСУ аркылуу жеткирилген газдын көлөмү боюнча дооматтар негизсиз. "Газпром" менен "Нафтогаздын" ортосунда быйыл 40 миллиард куб метр газ транзитине келишим бар. Жылдын биринчи жарымында "Газпром" Украина аркылуу макулдашылган 20 миллиард куб метрдин ордуна транзит менен 21,7 миллиард куб метр жөнөткөн. Былтыр алгачкы алты айдагы көлөмгө караганда бул аз (24,9 миллиард куб метр), бирок ал убактагы келишимге ылайык ишкана бир жылга 65 миллиард куб метрди сордуруп же транзитке төлөөгө тийиш эле. Талап кылынган көлөм аягына чейин сордурулбаса да дым дебестен транзиттин дал ушул көлөмү үчүн толук төлөп бергенин кошумчалай кетели.
Украина аркылуу транзит биринчи жарым жылдыкта айына орточо 3,62 миллиард куб метрди түзгөн. Өткөн айда газ сордуруунун көлөмү мындан да жогору болуп, 3,85 миллиард куб метрди түздү. Келишимде макулдашылган минималдык көлөмдөн ашыкча жабдуу үчүн "Газпром" кошумча кубаттуулуктарды сатып алууга, болгондо да кымбат баада сатып алат. Анткени, украиналык ГТСтин кошумча кубаттуулуктары негизги келишимдик акыдан 20 пайызга жогору турат. Ал тургай корпорация катуу кошумча кубаттуулуктарды суткасына 15 миллион куб метрге ээлеп коёт Булардан тышкары, ОГТСУ ай сайын үзүлмө кошумча кубаттуулуктарды суткасына 64 миллион куб метрди аукционго чыгарат. Бирок кошумча кубаттуулуктарды ээлөөдө ОГТСУ транзит багытында сордурууга чоң кепилдик бербестен өз мүмкүнчүлүгүнө жараша жүргүзөт. Албетте, европалык тажрыйбада мындай кубаттуулуктар аукционго арзандатуулар менен коюлат. Бирок Киев айтканынан кайтпай бааны түшүрбөйт, ал эми алардан кем калышпай өжөрлөнгөн "Газпром" аукциондорго катышпайт. Андан соң ОГТСУ ар жолкусунда россиялык өнөктөшү жөнүндө билдирүү жасайт.
"Газпром" газ сактоо боюнча өзүнүн европалык кубаттуулуктарын өз ыңгайына жараша пайдаланат, бул тема дегеле башкаларды санаага салбашы керек эле. Антсе да "Газпромдун" европалык газ сактагычтары азыраак толтурулганы боюнча маселенин себеби да жок эмес. 2020/2021 күзгү-кышкы сезонунда россиялык газ сактагычтардан рекорддук көлөмдө – 60,6 миллиард куб метр чыгарылган. Кышка корпорация 72,3 миллиард куб метр запас менен кирген. "Газпромдун" пландарына ылайык, жаңы жылуулук маалына ишкана 72,6 миллиард куб метр менен кирүүгө тийиш. Эң оболу ал россиялык газ сактагычтарды толтурууга далбас урганы түшүнүктүү. Европалык газ сактагычтар – андан кийинки кезекте.
2009-жылдан бери эле Украинанын "Газпромдун" транзиттик келишими боюнча койгон дооматтары акылга сыйбайт. Бирок Стокгольм арбитражы саясий чечим чыгарып, ошол дооматтарды туура деп тапкан. Эң башкысы, ошол чечим менен Украинаны багууну Россияга жүктөгөндөй эле болгон. Ага ылайык "Газпром" 2019-жылдын аягында "Нафтогазга" 2,9 миллиард доллар которгон. Бул каражат дээрлик толугу менен Украинанын мамлекеттик бюджетине которулган. Балким, ошондогудай жорукту Европа биримдигинин антимонополиялык органдары тарабынан кайра кайталоонун кажети жок чыгар...