БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Ливанда отун резервуары жарылып, бери дегенде 20 киши каза болду, дагы 80дей адам жаракат алган. Бул тууралуу ливандык Кызыл Чырымга таянуу менен РИА Новости жазды.
Жергиликтүү уюм маалыматын Twitter баракчасына чыгарган.
"Азыркы тапта 20 киши каза болгону жана 79у жаракат алганы белгилүү", — деп жазылган билдирүүдө.
Анда айтылгандай, Аккар районунда отун резервуары жарылган. Al Arabiya телеканалы өзүнүн булактарына таянып кырсыкта 100дөй киши жабыркаганын жазып чыкты.
Белгилеп кетсек, Ливандын мурдагы премьер-министри Саад Харири жарылуудан кийин президент Мишель Аунду кызматтан кетүүгө чакырды.