Кайрадан нокаут. Абдыкааровдун OPEN FC мелдешинде чемпион болгон видеосу

Кыргызстандык атлет армениялык мушкерди утту. Ал мелдештин чемпиондук курун тагынып, бир миллион рубль акчалай сыйлык алды.
Sputnik

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Кыргызстандык ММА мушкери Алимардан Абдыкааров OPEN FC лигасынын алгачкы Гран-при мелдешинде чемпион болду. Спортчу октагондо Кыргызстандын желегин желбиреткен видеосун аталган уюм өзүнүн Instagram баракчасына чыгарды. 

Кадрдан көрүнүп тургандай, кыргызстандык мушкер атаандашына эч кандай мүмкүнчүлүк берген эмес. Аны жыга чаап жерге сулатып, дагы кошумча соккуларды жаадырган маалда калыс беттешти токтотууга аргасыз болгон.

Уюмдун эң жеңил салмак категориясында ат салышкан Абдыкааров буга чейин жарым финалда бразилиялык Матеус Сантосту нокаутка кетирип уткан.

Ал эми чейрек финалда азербайжандык тажрыйбалуу атлет Эльнар Ибрагимов менен октагонго чыгып, экинчи раундда сулата соккон.

OPEN FC лигасынын Гран-при мелдеши кечээ, 14-августта, Бишектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өттү.