Өрт жана суу апааты. Глобалдуу ысыктын кесепетин чагылдырган 15 сүрөт

Sputnik

БУУнун Климаттын өзгөрүүсү боюнча өкмөттөр аралык тобу глобалдык жылуулук боюнча кезектеги отчётун жарыялады. Анда окумуштуулар күндүн ысышы тездик менен өсүп жаткандыгын, 2030-жылы жер жүзүндө абанын температурасы жогорку чегинен дагы 1,5-2 градуска ысык болору айтылды. Адистердин белгилешинче, глобалдуу ысык бүт дүйнөгө кедергисин тийгизип, аны туруксуз абалга кептейт. Климаттык өзгөрүүлөр жаан-чачынды көбөйтүп, андан улам суу ташкындары пайда болот. Көптөгөн аймактарды кургакчылык каптап, ал эми жээкке жакын жерлерде деңиздеги суунун деңгээли көтөрүлөт.

Өрт чалган өлкөлөрдөн тарта ажолордун жыйынына чейин. Сүрөт түрмөк
Окумуштуулар соңку жумаларда эле дүйнө жүзүндө аба ырайында кескин өзгөрүүлөр болгонун эскертишкен. Европа, Кытай жана Индияны суу каптап, ал эми АКШ, Канада, Греция жана Түркияда токойлор өрттөнүп, жалын улам күч алууда. Планетада акыркы 50 жылда абанын табы улам жогорулап, соңку жылдары рекорддук көрсөткүчкө жетти. 2021-жылдын 11-августунда Сицилияда абанын температурасы 48,8 градус болду. Бул көрсөткүч жалпы европалык рекордду басып өттү. Дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун маалыматына ылайык, буга чейинки рекорд 1977-жылы июль айында Афиныда катталган. Анда абанын табы 48 градуска чыккан.

Окумуштуулардын айтымында, дүйнөдө абанын табы дагы 1,5 градуска жогоруласа Тынч океанындагы айрым арал мамлекеттер үчүн кыйратуучу сокку болот. Бул чөлкөмдөгү өлкөлөр көптөн бери деңиз толкундарынан, күчтүү циклондордон, узакка созулган кургакчылыктан жана айыл чарбасына зыян келтирүүчү жер астындагы суулардын туздалуусунан жапа чегип келишет. Мындан сырткары, Тынч океанда суунун деңгээли жогорулап, көпчүлүк аралдар суу астында калууда. Жер планетасын ысык аба ырайы каптаганда дал ушундай катаклизмдер көбөйө баштайт.

1 / 15
Гренландиядагы айсбергдин сыныктары.
БУУ жер планетасы болуп көрбөгөндөй катастрофага кабыларын эскертти
2 / 15
БУУнун Климаттын өзгөрүүсү боюнча өкмөттөр аралык тобу глобалдык жылуулук тездик менен өсүп жатканын билдирди.
Сүрөттө: Рио-Пардодо (Рондония, Бразилия) дарак күйүп жатат
3 / 15
Окумуштуулар 2030-жылы жер жүзүндө абанын температурасы жогорку чегинен дагы 1,5-2 градуска ысык болорун белгилейт.
Сүрөттө: Кипрде планетада климаттын өзгөрүүсүнө арналган акцияда турган балдар
4 / 15
Адистердин белгилешинче, глобалдуу ысык бүт дүйнөгө кедергисин тийгизип, аны туруксуз абалга кептейт.
Сүрөттө: Калифорниядагы суу ташкынынын кесепети
5 / 15
Климаттык өзгөрүүлөрдө Жер жүзүндө жаан көп болуп, андан суу ташкындары пайда болот. Аймактарды кургакчылык каптап, деңиздеги суунун деңгээли көтөрүлөт
6 / 15
Окумуштуулар соңку жумаларда эле дүйнө жүзүндө аба ырайында кескин өзгөрүүлөр болгонун эскертишет.
Сүрөттө: канаттуулар Аргентинадагы кургакчылыкта дээрлик кургап калган Олд Парана дарыясынын үстүнөн учууда
7 / 15
Суу ташкыны Европа, Кытай жана Индияга эбегейсиз чыгым алып келди. Ал эми АКШ, Канада, Греция жана Түркияда токойлор өрттөнүп, жалын улам күч алууда.
Сүрөттө: Түндүк Каролинадагы (АКШ) бороондон кийинки суу ташкыны
8 / 15
АКШнын Калифорния аймагында мээ кайнаткан ысыкта муз салынган идишти башына коюп жан сактаган киши. Соңку 50 жылда абанын табы тездик менен жогорулап жатат
9 / 15
Жер планетасын ысык каптаганда катаклизмдер көбөйө баштайт.
Сүрөттө: Калифорнияда (АКШ) өрт алган үй
10 / 15
Бразилиянын Параиба штатындагы Бокейрао суу сактагычынын кургап бараткан жерлериндеги жаракалардын көрүнүшү
11 / 15
Көптөгөн өлкөлөр бир топ убакыттан бери узакка созулган кургакчылыктан жана айыл чарбасына зыян келтирүүчү жер астындагы суулардын туздалуусунан жапа чегип келишет.
Сүрөттө: Калифорниядагы (АКШ) өрт учурунда күл аралашкан куюн
12 / 15
Лондондо плакат көтөрүп нааразычылык билдирип турган адам
13 / 15
2021-жылдын 11-августунда Сицилияда абанын температурасы 48,8 градуска жетти. Дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун маалыматына ылайык, буга чейинки рекорд 1977-жылы июль айында Афиныда катталган. Анда абанын табы 48 градуска чыккан
14 / 15
Күндүн ысыгынан улам мөңгүлөр эрийт.
Сүрөттө: Гренландиядагы айсберг
15 / 15
Россияда жыл башынан бери июль айына чейин 11,5 миллион гектар аянтты өрт алды. Ал аймактардын 70 пайызы Тюмень, Омск, Новосибирск облустарына жана Якутияга таандык.
Сүрөттө: "Авиалесоохрана" уюмунун кызматкери Якутиядагы өрттү өчүрүп жаткан учур