Экс-президент Сооронбай Жээнбеков Кумтөр иши боюнча УКМКга сурак берди

Кумтөр иши боюнча буга чейин бир нече саясатчылар кармалып абакка киргизилген. Жакында эле мурдагы президент Аскар Акаев да сурак берген.
Sputnik

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков Кумтөр иши боюнча УКМКга сурак берди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. 

Маалыматка караганда, ведомстволор аралык тергөө тобу 2017-жылы "Кумтөр" долбоору боюнча стратегиялык келишимдин түзүлүшүнө байланышкан окуялардын активдүү этабын баштады. 

УКМК "Кумтөр" иши боюнча толук маалымат берди
Комиссиянын жагдайды толук, ар тараптуу жана объективдүү иликтөө максатында айрым жогорку кызмат адамдарынын кылмыштуу иш-аракеттерин иликтөө менен бирге зарыл болгон тергөө жана ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Буга байланыштуу кылмыш ишине тиешелүү окуялар боюнча 2017-жылы өлкөнүн премьер-министри болуп иштеген экс-президент Сооронбай Жээнбеков 2021-жылдын 12-августунда күбө катары суракка чакырылган.

“Сооронбай Жээнбеков менен тергөө амалдары уланат”, - деп айтылат маалыматта.

УКМКдан тергөө тарабынан күнөөсү аныкталган бардык айыпталуучулардын аракеттерине ээлеген кызматына, сиңирген эмгегине карабастан объективдүү юридикалык баа берилерин белгилешти.