COVID менен ооруган бейтапты дарылоого мамлекет канча каражат коротору айтылды

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун өкүлүнүн айтымында, оору канчалык жеңил формада өтсө, ошончо аз акы, ал эми оор формадагыларга көп акча жумшалат.
Sputnik

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун төрагасынын биринчи орун басары Клара Өскөмбаева коронавирус менен ооруган бир бейтапты дарылоого мамлекет канча каражат корото турганы боюнча брифингде маалымат берди.

Анын айтымында, ооруканаларга акы төлөө үчүн ММК фонду Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте COVID-19 менен ооруган бейтаптарды дарылоого кеткен төлөмдүн суммасын эсептеп чыккан.

Ага ылайык, оору канчалык жеңил формада өтсө, ошончо аз акы, ал эми оор формадагыларга көп каражат сарпталат.

Коронавирус жуктурган бейтапты дарылоо үчүн ооруканага жаткыруу акысы:

  • Оорусу женил даражадагылар үчүн – 1 951 сом;
  • Оорусу орто даражадагылар үчүн – 4 670 сом;
  • Оорусу оор даражадагылар үчүн – 18 329 сом;
  • Оорусу өтө оор даражадагылар үчүн – 37 843 сом.

COVID: Бишкек жана Чүйдүн ооруканаларында канча орун бош
Мындан тышкары, ооруган адам менен байланышта болгон адамдарга байкоо жүргүзүү үчүн ооруканаларга төлөм (1 862 сом) төлөө каралганы айтылды.

Өскөмбаева төлөмдүн өлчөмүн эсептөөдө ПЦР-лабораториялык изилдөөлөргө, жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга кеткен чыгым менен медицина кызматкерлеринин эмгек акысы эсепке алынбаганын кошумчалады.