БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Бишкекте жана шаардын жака-белинде коронавирус жуктургандарды кабыл ала турчу ооруканаларда 673 бош орун бар. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Маалымат бүгүн, 12-август, саат 8:00гө карата берилди:
- Улуттук госпиталь: урология корпусу — 30;
- Улуттук хирургия борбору — 5;
- Республикалык клиникалык инфекциялык оорукана — 80;
- №2 клиникалык төрөт үйү — 58;
- Улуттук кардиология борбору — 14;
- Чүй облустук бириктирилген оорукана — 40;
- Улуттук госпиталь: Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары үчүн бөлүмү — 53;
- Улуттук онкология жана гематология борбору — 28;
- Наркология боюнча улуттук борбор — 85;
- Улуттук госпиталь: мобилдик госпиталь — 86;
- Аскердик госпиталь — 35;
- Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбор — 30;
- КММА, Фтизиатрия борбору (№6 жатакана) — 37.