Бишкектеги эки көчө оңдоодон кийин ачылды. Сүрөт

"Бишкек асфальт сервис" муниципалдык ишканасынын тизмесине оңдоодон өтө турчу 27 көчө киргизилип, жетөөнүн кесилиштеринде иш аяктады. Ошондой эле дагы 11 көчөдө иш уланууда.
Sputnik

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Борбор калаада капиталдык оңдоодон кийин эки көчө ачылганын муниципалеттин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, Валдайская көчөсүнүн Курчатовдон Садырбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү жана №4 кичи райондогу короонун ичиндеги көчө, Сүйөркуловдон №31, 32, 34 үйлөрдүн жанынан Безымянная көчөсүнө чейин ачылган.

Валдайская көчөсүнө эки катмар асфальт төшөлүп, бир жагына тротуар түшүп, экинчи тарабына ирригациялык система курулуп жана жол белгилери коюлган.

Ал эми №4 кичи райондогу короонун ичиндеги 4-5 метрлик көчөгө асфальт төшөлгөн.

Мэрияга караштуу "Бишкек асфальт сервис" муниципалдык ишканасынын тизмесине оңдоодон өтө турчу 27 көчө киргизилип, жети көчөнүн кесилиштеринде иш аяктады. Ошондой эле дагы 11 көчөдө иш уланууда.