Месси ПСЖ командасынын катарына өттү

Аргентиналык футболчу менен менен франциялык клубдун ортосунда келишим эки жылга түзүлүп, дагы бир жылга узартуу мүмкүнчүлүгү каралган.
Sputnik

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Алты жолку "Алтын топ" сыйлыгынын ээси, аргентиналык Лионель Месси Франциянын "Пари Сен-Жермен" клубуна өттү. Бул тууралуу аталган клубдун маалыматына таянып, РИА Новости жазды.

17 жыл Испаниянын "Барселона" клубунда ойногон 34 жаштагы футболчу менен франциялык клубдун ортосунда келишим "2+1" (эки жыл, дагы бир жылга узартуу мүмкүнчүлүгү менен) схемасы менен түзүлгөн. Жаңы клубда Месси 30-номердеги форма кийип ойнойт.

Месси "Барселона" менен коштошкон жыйында көз жашын тыя албай койду. Видео
Месси "Барселонанын" курамында 2004-жылы ойноп баштаган. Каталониялык команда менен бирге аргентиналык футболчу тогуз ирет Испания чемпионатын, жети жолу Испания кубогу мелдешин уткан. Төрт жолу УЕФАнын Чемпиондор лигасы мелдешинин жеңүүчүсү болгон. Месси "Барселонанын" сабында расмий оюндарда көп ойногон (778 беттеш) жана көп гол (672 гол) киргизген футболчу болуп саналат.

Мессинин рекорддору тууралуу кенен окусаңыз болот.