Россиянын Тажикстандагы аскер базасы жаңы курал жана техника менен толукталды

Аскер кызматкерлери Афганистандагы абал курчуп турган тушта жаңы согуштук куралдар менен күчтөндүрүлдү.
Sputnik

Бишкек, 10-авг. — Sputnik. Жаңы согуштук курал-жарак жана техника Тажикстандагы 201-россиялык аскер базасына берилди. Бул тууралуу Борбордук аскердик округдун маалымат кызматы билдиргенин Sputnik Тажикстан жазды.

Аскер базасы жаңыланган Калашников АК-12 автоматтары, Ярыгин тапанчалары менен толукталды. Ал Макаров тапанчасынын ордуна пайдаланылат.

Мындан сырткары, аскер кызматкерлери АСВК-М үлгүсүндөгү ири калибрдеги снайпердик мылтыктарды, алыска жетүүчү огнемет жана жылып жүрүүчү "Верба" зениттик-ракеталык системаларын алышты.

Афганистанга жакын аймакта Тажикстан, Россия, Өзбекстандын машыгуусу башталды
Заманбап курал-жарак Харб-Майдон полигонунда 5-10-август күндөрү өткөн масштабдуу машыгууларда сыноодон өткөрүлгөн. Иш-чарага Россия, Тажикстан жана Өзбекстандан эки миңден ашуун аскер кызматкери катышты. Алар жөө аскерлердин "Шмель" реактивдүү огнеметун, Су-25 штурмовиктерин, Ми-24 жана Ми-8 тик учактарын пайдаланышкан.

Эске салсак, Афганистанда өкмөттүк аскерлер менен тыюу салынган "Талибан" кыймылынын согушкерлеринин ортосунда тирешүү уланып жатат. Машыгуу учурунда аскер кызматкерлери кошуна мамлекеттерге "бастырып кирген" террорчуларга карата көрүлүүчү комплекстүү аракеттерди жасоого көнүктү.