БИШКЕК, 10-авг — Sputnik. Бишкектеги соода борборлордун биринде сатуучу кызды калькулятор менен чаап жиберген кишиге Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, буга чейин укук коргоо органдары аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар кодексинин 119-беренеси ("Майда бейбаштык") менен каттоого алынганын билдирген.
Милициядан билдиргендей, окуя 2-август күнү Горький жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги соода борборунда болгон. Арыз жазган кыздын айтымында, ал күнү бейтааныш эркек киши мас болуп алып, аны менен урушуп, сөгүнгөн. Чатакташып жатканда калькулятор менен башка чаап салган. Милиция чыр салган киши 29 жаштагы А.А. экенин аныктап, Октябрь РИИБинин жорук иштери боюнча бөлүмүнө алып келген.
"Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталды", — деп айтылат маалыматта.
Кыздын алган жаракатынын оордугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Мындын сырткары, соттук-лингвистикалык экспертиза дайындоо боюнча да буйрук чыкканы маалым болду. Анын жыйынтыгы менен сотко чейинки өндүрүш ишин кайра квалификациялоо маселеси чечилет. Иликтөө уланып жатканы айтылды.