Сатуучу кызды калькулятор менен чапкан киши. Казакбаев РФ элчиси менен жолукту

Казакбаев Россиянын дипломатиялык өкүлчүлүгүнөн айрым орус саясатчыларынын эки мамлекеттин ортосундагы мамилеге доо кетирүүгө аракет кылган билдирүүлөрүнө көңүл бурууну суранган.
Sputnik

БИШКЕК, 10-авг.— Sputnik. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко менен жолугуп, Бишкектеги соода борборлордун биринде сатуучу кызды калькулятор менен чаап жиберген кишинин окуясын талкуулады. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Казакбаев Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул сыяктуу бардык окуяларга байкоо салып, ыкчам чара көрө тургандыгын маалымдады. Ал Кыргызстан көп улуттуу мамлекет экенин айтып, өлкөдө Баш мыйзамга ылайык эч кимди жынысына, расасына, тилине, улутуна, динине, жашына, саясий же башка ишенимдерине карап басмырлоого жол берилбей турганын белгилеген.

"Бул окуя Россия бийлиги тарабынан Кыргызстандагы этникалык орустардын укуктарын жана кызыкчылыктарын бузуу, ошондой эле жарандарды этникалык жана диний негизде кысымга алуу катары көрсөтүлбөшү керек", — деди ТИМ башчысы.

Казакбаев Россиянын дипломатиялык өкүлчүлүгүнөн айрым орус саясатчыларынын эки мамлекеттин ортосундагы мамилеге доо кетирүүгө аракет кылган билдирүүлөрүнө көңүл бурууну суранган. ТИМ башчысы Кыргызстанда русофобия, агрессивдүү улутчулдуктун башка түрлөрү, тарыхты кайра жазуу, эстеликтер жана орус тили менен күрөшүү фактылары жок экенин да белгилегени маалым болду.

Бишкекте сатуучу кызды калькулятор менен башка чапкан киши кармалды. Видео
Ал постсоветтик мейкиндикте Беларусь менен катар Кыргызстанда гана орус тили расмий тил экенин айтып, орус тили өлкөнүн бардык тармагында колдонула турганын кошумчалаган.

Тараптар көйгөйдүн андан ары курчушуна жол бербөө үчүн биргелешкен иш-аракеттерди көрүп, кыргыз-россия мамилелериндеги терс кесепеттерди болтурбоонун зарылдыгын белгилешкен.

Буга чейин Бишкекте балдар паркында сатуучу кызды калькулятор менен башка чапкан кишинин видеосу тараган. Кийин аны милиция кармап, фактыны майда бейбаштык беренеси боюнча каттоого алган. Ал эми УКМК ага расмий эскертүү берген.