Бишкекте маршрутканын жүргүнчүсү каза болду

Азырынча маркумдун ким экени тактала элек. Тез жардам кызматынан билдиришкендей, алдын ала маалымат боюнча, ал 30 жашта болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Бишкектин Чүй проспектинде маршрутканын жүргүнчүсү каза болду. Бул тууралуу ЖМКлар жазды.

Сокулукта 13 жаштагы өспүрүм сууга чөгүп кетти
Ыкчам медицина борборунун директорунун орун басары Егор Борисов маалыматты ырастады. Анын айтымында, Тез жардам кызматына чакыруу саат 8:50дө түшүп, бригада 9:10до барып калган.

Медиктер кишинин каза болуп калганын аныктаган, бирок азырынча себеби белгисиз. Маркумдун ким экени дагы тактала элек. Алдын ала маалымат боюнча, ал 30 жашта болчу.