УКМК сатуучу кызды калькулятор менен башка чапкан кишиге эскертүү берди

УКМК адамдарды терисинин өңүнө, расасына, туткан динине карап бөлүп, кадыр-баркына шек келтиргендер кылмыш жазасына тартыларын белгилеген.
Sputnik

БИШКЕК, 9-авг.— Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкектеги соода борборлорунун биринде сатуучу кызды калькулятор менен чаап жиберген А.Алимбаевге расмий эскертүү берди. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.

Буга чейин Бишкекте балдар паркында сатуучу кызды калькулятор менен башка чапкан кишинин видеосу тараган. Кийин аны милиция кармап, фактыны майда бейбаштык беренеси боюнча каттоого алган.

"А.Алимбаев мас абалында В.Г. аттуу сатуучудан кыргыз тилинде сүйлөп тейлөөнү талап кылган. Ошондой эле тил билбегенин сындап калькулятор менен чаап жиберген. Буга байланыштуу УКМК Алимбаевге расмий эскертүү берет. Себеби Кыргызстанда кыргыз тили мамлекеттик, ал эми орус тили расмий тил болуп саналат", — деп айтылат маалыматта.

УКМК адамдарды терисинин өңүнө, расасына, туткан динине карап бөлүп, кадыр-баркына шек келтиргендер кылмыш жазасына тартыларын белгилеген.