Россия америкалык рынокторду ээлөөдө

Россия Тынч океандын башка тарабындагы курчап турган дүйнө үчүн күтүүсүз пьедесталдын экинчи тепкичине көтөрүлдү.
Sputnik

Сергей Савчук

АКШнын Мамлекеттик геологиялык кызматына (USGS) шилтеме кылуу менен Эл аралык энергетикалык агенттик (IEA) быйыл май айындагы жыйынтык боюнча Россия Мексиканы артка калтырып, Канададан кийинки саптагы Америкага мунай жеткирүүчүлөрдүн негизгилеринин бирине айланганын маалымдады. Бул тууралуу РИА Новости сайтына Сергей Савчуктун ой толгоосу жарык көргөн.

Жарыяланган маалыматтар отчеттук мезгилдеги сатып алуулардын көлөмү дароо он пайызга жогорулап, суткасына 840 миң баррелге жеткенин тастыктайт. Албетте, башкы камсыздоочу өлкө – Канададан Россия кыйла артта. Ал мамлекеттен Кошмо Штаттарга түтүктөр аркылуу сутка сайын дээрлик төрт миллион баррель келип түшөт. Экинчи орунду ээлеген Россия Мексикадан гана алдыда эмес. Май айында америкалыктар сатып алган россиялык мунайдын көлөмү Сауд Аравиясынан ташылган танкерлерден да ашып түштү.

Абалды толук түшүнүү үчүн кичине тактоо да киргизүүгө болот. Россия Кошмо Штаттарга эң төмөнкү сырье гана жөнөтпөйт, отчеттордо импорттолгон товардын тиби crude and fuel oils катары көрсөтүлөт. Бул чийки мунай жана жагылуучу мазут дегенди туюндурат. Негизги сатып алуучулар да белгилүү.

Сатып алуулардын басымдуу үлүшү штаб-квартирасы Сан-Антониодогу америкалык Valero мунай ишканасына таандык. Ал сегиз жарым миллион баррелден ашуун сырье ташыган.

Рубль — дүйнөдө наркы бааланбаган валюта. Доллар чынында канча турат?
Бажы жол-жоболорунан соң Техас, Луизиана жана Калифорния штаттарындагы мунайды кайра иштетүүчү ишканаларга жиберилген. Сатып алуучулардын тизмесинде трансулуттук ExxonMobile жана Chevron өңдүү гиганттар да бар. Маселен, ExxonMobile үч жарым миллион, ал эми Chevron үч миллион баррель сатып алган.

АКШда жайгашкан бул эки компаниянын мунайды кайра иштетүүчү заводдорунун басымдуу бөлүгү Мексика булуңундагы жээктерди бойлоп, ошол эле Техастан Флориданы көздөй созулат.

Америкалык маалымат каражаттары бул көрсөткүчкө өтө нааразы. Ошондой эле Жо Байденди демократиянын тиреги "америкалык Colonial Pipeline түтүгүнө хакердик чабуул жасаган" жана жакын арада АКШнын каршылыгына карабай "Түндүк агым – 2" долбоорун ишке киргизе турган өлкөдөн ресурстарды сатып алып жатканы үчүн жемелеген тейде.

Бийликти күнөөлөө жеңил жана жагымдуу эмеспи, башкалар өлкөнүн жетекчилигинин башка аргасы жок экенин белгилеп америкалык президентке жан тартат эмеспи. Кошмо Штаттар көз алдыбызда өзүнүн тышкы саясатынын "түшүмүн" жыйноодо.

2015-жылдын март айында эле Барак Обама Венесуэла "АКШнын улуттук коопсуздугуна коркунуч туудурат" деген. Ал эми андан кийинки президент 2018-2019-жылдар аралыгында Каракаска кеңири чектөө чараларын киргизген. Алар юридикалык жана жеке жактарга Венесуэланын өкмөтү тарабынан же анын тапшырмасы менен чыгарылган электрондук валюталарда бардык транзакцияларды жүргүзүүгө тыюу салган. Венесуэлалык алтын операциялары жана PDVSA башкы мамлекеттик мунай компаниясы менен кызматташууга да өзүнчө тыюу бар эле. Бирок бул кагазда гана жылмакай жагдай болуп көрүнгөнү менен рыноктогу кыйчалыш абал унуткарылган.

Бир топ жоготууларга тушуккан Каракас сырьену Кытайга жөнөтүүгө өткөн. Ал эми "келбей калган" ар суткасына венесуэлалык мунайдын 500 миң баррели Кошмо Штаттардын түштүгүндөгү мунайды кайра иштетүүчү каатчылыкты козгогон. Ошондо мунай баасы эки-үч ай ичинде беш жылдык рекорд койгон, бирок сырьенун таңсыктыгын бул баары бир чече алган эмес. Анткени ошол эле 2018-жылдын жай мезгилинде Трамп башкарып турган Америка фарсылардын мунай секторуна да санкция коюп, Иран менен болгон өзөктүк келишимден чыккан. Ирандын мунай экспорту суткасына бир жарым милллиондон беш жүз миң баррелге чейинки көлөмгө кыйроого учураган.

Орустардын жашыруун куралы Европанын чок ортосунан АКШга сокку урду
Вашингтон саясий жеңишин белгилегени менен Кошмо Штаттардын түштүгүндө компаниялар жалгыз мунайдын – россиялык жана сауд аравиялык ресурстун ар бир танкери үчүн күрөшүшкөн.

Кептин баары Россия, Венесуэла жана Ирандын мунайынын мүнөздөмөлөрү бирдей экенинде. Аталган үч мамлекет тең күкүрт көп камтылган оор мунайды, атап айтканда, Россияда Urals алынса, Венесуэла Santa Barbara жана Tia Juana Heavy сортундагы кара алтынды сатат. Ал эми Иран Iran Heavy жана Foroozan Blend сортундагы рынокторду камсыздайт. Бул маркалардын химиялык курамы жана күкүрттүн камтылышы 1,3-2,3 пайыздын чегинде. Мурдагы кылымдын 80-жылдарында бул өндүрүш дүр өскөн маалда Американын түштүк штаттарындагы мунайды кайра иштетүүчү ишканалар сырьенун дал ушул тибине ылайыкталып курулган.

Ондогон жылдар бою крекинг жана риформингдин америкалык түзүлүштөрүнө дайрадай агылып турган венесуэлалык мунай кан буугандай токтоп калары эч качан эч кимдин оюна да келген эмес.

Жо Байдендин командасында кибер чабуул боюнча курулай жалаа жана Германияда газ түтүгүн курууга каршылыгына карабай Россиядан баштапкы жана экинчи сырьену жапырт сатып алууга уруксат берүүдөн башка аргасы жок.

Дүйнөлүк экономика коргоочу бет кабын чечип, бүт күчү менен колдон чыгарылган позиция, айлантуу жана кирешелерди калыптандырууга жан үрөп жатат. Соңку маалыматтар боюнча, биринчи жарым жылдыкта мунайдын орточо баасы челегине 64 долларды түзүп, былтыркыга караганда он пайызга кымбатыраак болду.

Адатта альтернативдик булактарга басым жасаган жана мунай түтүгүнүн жаңы бутагын куруудан улам Канада менен чырдашкан демократ Байден башкарган Америкага мындай жагдайда ички жана тышкы саясатындагы өз аракеттеринин "акыбети" кайтууда.

Жагылуучу россиялык мазуттун импорту өзүнчө талкууланууга тийиш. Баштапкы мунай сымал эле күйүүчү майдын бул түрү күкүрттүн көп камтылышынан улам кымбат үлгү болуп саналбайт.

Лимит түгөндү: АКШ Каржы министрлиги дефолт коркунучу тууралуу жар салды
Негизинен мазутту пайдалануучулардын бири — деңиз соода флоту, бирок 2009-жылы Россия Федерациясы Деңизди (бункердик күйүүчү май менен булгоодон) коргоо жөнүндөгү эл аралык конвенцияга кошулган. Башка кол койгон өлкөлөр катары Россия күйүүчү майдын экологиялык түрүнө акырындап өтүп, мазут менен сүзүүчү кемелердин санына кыскартууга милдеттенме алган. Алардын бири — суюлтулган жаратылыш газы. Албетте, ага өтүү процесси бачым болчу нерсе эмес, ондогон жылга созулушу ыктымал. Бирок "киргилт" россиялык мазутту сатуу кыйла кыйындап барат.

Катаалдатылган жаңы эрежелер боюнча, бункердик күйүүчү май мүмкүн болушунча зыяндуу аралашмалары аз болушу шарт. Алардан кошумча кайра иштетүү жана тазалоо жолу менен гана арылууга болот.

Россияда мындай өнөр жай түзүлүштөрү аз, алар кымбат жана россиялык мунайды кайра иштетүүчү заводдорду кайра жабдуу ылдам жүрчү процесс эмес. Анткен менен дүйнө картасынын башка бир бөлүгүндө – ишканалары сырьего муктаж Кошмо Штаттар бар. Сырьего ушунчалык зарыгып турушканын мындан билиңиз, алар беттегенин бербеген орустарга чийки затты сатып алууга гана эмес, Россиянын мунайды кайра иштетүүчү тармагын техникалык жабдууга кыйыр түрдө демөөрчү болууга даяр.