COVID: он киши каза таап, 602 адам ооруп калды. 8-августтун статистикасы

Инфекцияны жуктургандар Бишкектен тышкары Жалал-Абадда, Ысык-Көлдө жана Чүйдө көбүрөөк. Эң аз Ош шаарында катталды.
Sputnik

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Өлкөдө акыркы суткада коронавирус инфекциясын 602 адам жуктуруп алды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Оору аныкталгандар төмөнкү аймактарда катталды:

  • Бишкек — 287;
  • Ош — 6;
  • Чүй — 68;
  • Ош — 18;
  • Талас — 19;
  • Нарын — 23;
  • Ысык-Көл — 70;
  • Жалал- Абад — 78;
  • Баткен — 33.

Майыптыкка чейин жеткирет. Эпидемиолог коронавирустун кесепеттерин эске салды
Пандемиядан бери баш-аягы оору 169 017 кишиден тастыкталды.

Сутка ичинде 1 478 бейтап сакайса, ооруну жеңгендер жалпысынан 156 925 болду.

Тилекке каршы, 10 киши көз жумду. Пандемия жалпысынан 2 399 адамдын өмүрүн алды.

Учурда ооруканада 2 947 бейтап, ал эми амбулатордук түрдө 5 359 киши дарыланууда.