Х-95 гиперүндүү ракетасы: россиялык жаңы табылганын мүнөздөмөлөрү

Россия жогорку технологиялык куралдарды иштеп чыгуу жана өндүрүү тармагында Батыштан кыйла алдыга озду. Узак аралыктагы Х-95 авиациялык гиперүндүү ракетасы – технологиялык жана аскердик артыкчылыктын айныгыс далили.
Sputnik

Август айынын башында Х-95 гиперүндүү жапжаңы ракетасы тууралуу Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын Аскердик академиясынын жетекчиси Владимир Зарудницкий РФ Коргоо министрлигинин "Военная мысль" журналына ачыктаган. Анын макаласын талдап чыккан аскердик баяндамачы Александр Хроленко ракетанын өзгөчөлүктөрүнө, дүйнөдөгү аналогдорун чыгаруу аракеттерине да кеңири токтолгон.

Аскердик жетекчинин материалы аба-космостук чөйрөдөгү сокку уруучу жана истребителдик авиацияны пайдалануу менен жетишилген үстөмдүккө арналган. Мында таамай тийчү, алыска учуучу, айрыкча гиперүндүү ракеталары чечүүчү ролду ойнойт. Эгер Х-95 ракетасы жөнүндө мындай деңгээлде талкуулана башталса, демек, ал бышып жетилди дешке болот.

Ыраак аралыкка учуучу Х-95 гиперүндүү ракетасы Ту-22М3М жана Ту-160М бомбалоочуларынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, ошондой эле ыраак авиациясынын келечектүү авиациялык комплекси үчүн багытталган.

Булактарыбыздын маалыматына таянсак, Х-95 сынамык үлгүлөрү аба ташуучудан мурда сыноодон өткөн.

Баасы асман чапчыган америкалык ракеталардан майнап чыкпады. Сереп
Жаңы авиациялык ракетанын техникалык мүнөздөмөлөрү ачык айтылбайт, бирок гиперүндүү Х-47М "Кинжал" ракетасы МИГ-31К ташуучусунун аскердик радиусун эсепке албаганда 12 Мах көлөмгө чейин ылдамдыкта 2000 чакырымдан ашуун аралыкка уча алат (гиперүндүү "Кинжал" ракеталык комплекси куралданууга 2018-жылы кабыл алынган). Акыркы үлгүдөгү Х-95 андан ыкчам, андан да узакка уча аларын, көрсөтүлгөн 5000 чакырым соңку чек эмес экенин болжоого болот.

Авиациялык гиперүндүү куралга карата РФ Коргоо министрлигинин негизги талаптарынын бири – душмандын стратегиялык объектилерин кое берилген чектен 5500 чакырымдан кем эмес аралыктан таамай талкалай алат. Бул РФтин Аскердик-аба күчтөрүнүн учактары F-22 жана абадан коргонуу жана ракетага каршы комплекстери тибиндеги кармоочу истребителдердин аракет аймагынан тыш калганы маанилүү.

Алыскы авиациянын Ту-160 жана Ту-95МС учактары бүгүнкү күндө 5 500 чакырымга чейинки аралыкка учуучу Х-101 заманбап канаттуу ракеталары менен куралданган.

Дүйнөдө теңдеши жок, антсе да анча байкалбас Х-101 болжолдуу душмандын ракетага каршы каражаттарына кармалып калышы ыктымал. Дүйнөдөгү абадан коргонуу жана ракетага каршы тутумдардын жана болочокто пайда болчуларына да гиперүндүү ракеталар дээрлик чалдыкпайт. Жогорку технологиялык душман менен болжолдуу кармашта ыраак аралыкка ылайыкталган Х-95 ракетасы жеңишке жетелеген орчундуу факторго айланат.

Оптимисттик траектория

Стратегиялык ташуучулар менен жаңы Х-95 гиперүндүү ракеталар үчүн көйгөй деле жаралбайт. "Түбөлүк" Ту-95МСти эсепке албаганда да ушул тапта россиялык Аба-космостук күчтөрүнүн катарында Ту-160 ракета ташуучуларынан 16 бирдик бар.

Акырындап "Белый лебедь" үлгүлөрүн да Ту-160М деңгээлине дейре жакшыртылып, саатына 2 200 чакырымга чейин күүлөнө алчу экинчи сериядагы НК-32 кыймылдаткычы менен менен жабдылат. Жаңыртылган Ту-160М учагынан элүү чакты бирдикти Казань авиазаводунда куруу пландалган. Узак аралыктагы авиациянын келечектүү авиациялык комплексинин сериялык өндүрүшү 2028–2029-жылдары башталары күтүлөт.

РФ коргоо министри Сергей Шойгу гиперүндүү комплекстерди өзөктүк эмес ооздуктоо күчтөрүнүн негизи деп атаган. Февралда Россияда бешинчи муундагы Су-57 истребители үчүн "Гремлин" жаңы гиперүндүү ракетасы жасалары боюнча маалымат чыккан. Ал 2023-жылы сыналары белгиленген.

Россияда аскердик роботтордун үлүшү төрт жыл аралыгында 30 пайызга жетет
Россиялык гиперүндүү ракеталардын саны жана сапаты дайым тышкы коркунучтарга жараша болмокчу. Россиялык гиперүндүү куралдар – "Авангард" (Стратегиялык багыттагы ракеталык күчтөр) комплекстери, "Кинжал" (Аскердик-аба күчтөрү), "Циркон" (Аскердик-деңиз флоту) ракеталары ишке кирген. Мындай жетишкендиктер Пентагон менен НАТОдогу каны кайнагандарды ооздуктап турат.

Деңизге ылайыкталган "Циркон" гиперүндүү ракеталарынын мамлекеттик сыноолору да ийгиликтүү аяктоодо. Жакында аны менен 22350 долбоорунун фрегаттары, 885М долбоорунун көп буталуу "Ясень-М" субмариналары, заманбапташтырылган "Адмирал Нахимов" ракеталык крейсери куралданмакчы.

Гиперүндүү куралдарды иштеп чыгуу жана өндүрүү жаатында Россия алдыңкы сапта. Андан сырткары, дүйнөдө Кытай гана ушул типтеги, атап айтканда, орточо аралыкка (2500 чакырымга чейин) багытталган, 10 Мах көлөмгө чейинки ылдамдыкта уча турган DF-17 ракетасына 2019-жылдан тарта ээлик кылат. Ошондуктан Х-95тин иштеп чыгарылары тууралуу маалымат көп өлкөлөрдүн түн уйкусун алган.

Пентагон дал ошондон улам Конгресстен орустардын гиперүндүү куралдары жараткан коркунучка каршы туруу үчүн кошумча каржылоону талап кылган. Алар үчүн 740 миллиарддык аскердик бюджет гиперүндүү ылдамдыкка жетүүгө жетишсиз болуп калганы айдан ачык. Вашингтон гиперүндүү куралды эл аралык конвенциялар менен тыюу салууну сунуштоо аркылуу бул жагдайдан чыгуунун жолун издейт.

"Өнөктөштөр" кууп жете албайт

Куралданууга бөлүнгөн көп жылдык миллиарддаган чыгымдарга карабастан, АКШ гиперүндүү технологиялар жарышында Россияны кууп жете албайт. Жакындагы эле AGM-183A Air-Launched Rapid Response Weapon авиациялык ракетасынын прототибин Түштүк Калифорния жээгинде сыноодо ал бомбалоочудан бөлүнүп, бирок реактивдүү тартылуу күчү кошулбады. Башка маалыматтар боюнча кое берилери менен реактивдүү кыймылдаткыч күйүп, "ракета бутасын талкалай алган эмес".

Гиперүндүү ракетанын прототибин сыноо эмнеликтен ийгиликсиз болгондугун аныктай турган атайын комиссия түзүлгөн. Мындай нуктагы мүчүлүштүк (ракетанын күйүүчү майынын жалпы көлөмүнүн детонациясы) ракета ташуучуга орчундуу көйгөй жаратат. AGM-183A үчүн бул милдетти B-52H Stratofortress бомбалоочусу аткарат. Ийгиликсиз сыноолордун түрмөгү бүтүндөй ARRW гиперүндүү долбоорун солгундатат. Ал эми бул – Аскердик-аба күчтөрү үчүн бирден-бир долбоор.

4-августта АКШ Аскердик-аба күчтөрүнүн куралдануу программасынын аткаруучу директору генерал Хит Коллинз Америкада абага ылайыкташкан гиперүндүү ракеталардын өндүрүшү келерки каржылык жылдын аягына чейин башталып же ишке кирбей турганы 28-июлдагы ракетаны сыноодогу мүчүлүштүктүн себеби аныкталып, түзөтүлгөнүнө жараша чечилерин билдирди.

Батышка тынчтык берчүдөй эмес. Россиянын Аскер-деңиз флотундагы жылыштар
Андан мурдараак америкалык Аскердик-аба күчтөрү 2022-каржылык жылына 12 AGM-183A (ARRW) ракета жасоого 161 млн. доллар бөлүүнү өтүнгөн. АКШнын аскердик бюджетине 3,2 млрд. доллар өлчөмүндөгү гиперүндүү изилдөөлөргө кеткен чыгымдар да камтылат. Мындан байкалгандай, эбегейсиз каражат деле дароо гиперүндүүлөр жаатында ийгиликке марытып жибербейт.

ARRW келечектүү долбоору үчүн америкалыктар 2020-жылдын февралында наркы асман чапчыган HCSW гиперүндүү долбоорунан баш тарткан (928 млн. долларлык Lockheed Martin келишими, ал Пентагон үчүн гиперүндүү технологиялардын алгачкы карлыгачы болмок). Ийгиликсиз сыноолордон соң эми үчүнчү кадамга аттоо керек болуп калды көрүнөт.

Кошмо Штаттарда ушул тапта гиперүндүү ракеталарды жаратуу боюнча болжол менен өз-өзүнчө сегиз программа иштөөдө. Бирок бир дагы иштеп кете турган жыйынтык чыгарылбады, ал тургай ишке берилчүдөй деңгээлге караандаган да жок. Ал эми Конгресстин Изилдөө кызматынын гиперүндүү куралды иштеп чыгуу жөнүндөгү отчетунда Россия менен Кытайдан АКШ бир нече жылга артта калганы катуу кооптонуу менен баса белгиленет.

Аскердик баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.