Атамбаевдин тарапташын бутка атты делген депутат кармалды

Кармалган адам "МР-79-9" үлгүсүндөгү тапанчаны өз эрки менен милицияга өткөрүп бергени айтылды. Укук коргоо органдарындагы ишенимдүү маалымат булагынын айтымында, жабыркаган адам мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин активдүү тарапташтарынын бири болгон Алга Кылычев.
Sputnik

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Бишкектин тургунуна ок атты деп шектелип жаткан адам кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, кечээ, 7-августта, Бишкекте ок жеп жаракат алган А.К. аттуу киши ооруканага жаткырылган. Анын жубайынын айтымында, жабыркаган жаран Бишкек шаардык кеңешинин Т.Т. аттуу депутаты менен телефондон сүйлөшүп жатып айтыша кеткен. Бир нече убакыттан кийин Т.Т. белгисиз үлгүдөгү унаа менен келип А.К. аттуу жаранды сыртка чакырган. Аял дагы сыртка чыкканы менен жолдошу үйгө кирүүсүн суранган. 10 мүнөттөн кийин эле сырттан ок атылганы угулганда чуркап чыгып жерде жаткан күйөөсүн көргөн. Жубайынын айтымында, анын бутуна ок жегенин көрүп, Тез жардам чакырган.  Аял Т.Т.  автоунаасын катуу ылдамдыкта айдап кетип калган деп айтып берген.

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") боюнча каттоого алынып, экспертиза дайындалган.

"Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренеси боюнча 38 жаштагы Т.Т. аттуу адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал "МР-79-9" үлгүсүндөгү тапанчаны өз эрки менен милицияга өткөрүп берди", — деп айтылат маалыматта.

Бишкекте сатуучу кызды калькулятор менен башка чапкан киши кармалды. Видео
Укук коргоо органдарындагы ишенимдүү маалымат булагынын айтымында, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин активдүү тарапташтарынын бири болгон Алга Кылычев жабыркаган.

Социалдык тармакка эки кишинин мушташып жаткан видеосу тарады. Анын алдына булар Алга Кылычев менен Бишкек шаардык кеңешинин "Социал-демократтар" фракциясынан депутат Таалай Темиркулов экени жазылган.