Бишкек менен Оштун мэрлери качан шайланары белгилүү болду

Эки калаанын тең азыркы башчыларын шаардык кеңештин жаңы гана келген депутаттарынын курамы шайламакчы.
Sputnik

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссия Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоонун күнүн белгилеп, бекитти.

БШКнын сайтында эки шаардын тең мэрлерин шайлоо 26-августка дайындалганы айтылган. Ал саат 9:00дөн 12:00гө чейин болмокчу.

Бишкекти жаңы жетектей баштаган Сарыбашов ишембиликке катышты. Сүрөттөр
Эки калаанын аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону КРдин тиешелүү мыйзамдарынын алкагында өткөрүү тапшырмасы берилген. Андан сырткары, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо эскертилген.

Бул жуманын башында борбор калаа менен Ош шаарынын мэрлеринин милдетин аткаруучулары дайындалган. Бишкекти Оштун мурдагы жетекчиси Таалайбек Сарыбашов башкара турган болсо, түштүк борборго президенттин иш башкармалыгынын башында турган Алмаз Мамбетов жиберилген.

Эки мэрди шаардык кеңештердин депутаттары шайламакчы.