"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына жолдошу таштап кеткен аялдын каты келген.
Саламатсыздарбы, мен бир кыз, эки уулдун энесимин. Жашым 45ке чыгып калды. Кесибим боюнча бухгалтермин. Жолдошум экөөбүз студент кезде таанышып, жогорку окуу жайын аяктагандан кийин бир жерде чогуу иштеп калдык. Ошондон баштап ортодо сезимдер жанып, акыры чоң сүйүү менен 23 жашыбызда баш кошуп, эки жылга жетпей уулдуу болгонбуз. Ошентип мен бала багуу өргүүсүнө кетип, ошол бойдон жумушка кайтып барган жокмун. Ал арада үй салдык, үч балалуу болдук. Кыскасы, мен үй-бүлө түйшүгүн толук мойнума алдым. Кээде усталар менен бирге базар аралап, курулуш материалдарын алчумун. Бир колумда бала, экинчи колум менен үй жумушун жасап, күйөөм келгиче жанталашып тамагын даярдоо менен жаштыгым өттү. Түрдүү тамактарды жасоону үйрөндүм. Үйүбүз да бүттү, балдар да чоңойду. Эшиктин алдын гүлгө толтуруп, огороддогу бакчаны жаркыраттым. Балдарыма кошуп, жолдошумдун бут кийимине чейин кийгизип ишине узатам. Атабыздын иши жүрүшүп, экономист кызматын таштап, бизнесмен болуп кеткен. А менин оюмдун баары балдарым жана үй жумуштарында болду.
Көрсө, күйөөмдүн "жаш сүйүктүүсү" пайда болгонуна бир жыл болуптур. Мен анын кеч келгенине деле маани бербей, баарын анын жумушунун оордугуна шылтап, кызганбай эле үстүнө үйрүлүп түшүп жүрүпмүн. Жолдошум көп өтпөй үйдөн чыгып кетти. Бир сүйүнгөнүм, бактылуу балдарды тарбияладык.
Мен азыр өзгөрүүнү каалап, өзүмдү мурункудай алып жүрүүгө жан үрөп жатам. Бирок жолдошумдан өч алгым келет. Болгондо да кызганып, кылганына өкүнүп, алдыма кечирим сурап келишин каалайм. Баркымды билсе деп эле жашап калдым. Анткени эмгегимди тепсеп туруп басып кетпедиби. Ушул көксөөм туурабы? Же жашоомдон такыр эле ал кишини чийип салсам жеңилдеймби?
Психолог Гүлнара Жасоолова:
Ар бир адам өзүнөн кеткен кемчиликти сезбей калышы мүмкүн. Бул айым үй-бүлөсү үчүн баарын гүлдөткөндүгүн айтып жатат. Ошентсе да күйөөсүнө аял катары тийиштүү көңүл бурбай калгандай. Башкача айтканда, аялдардай эле эркектер да жубайынан алсыздыкты, назданууну, ага эркелөөнү күтөт.
Бирок сиз да жакшы жетишкендиктерге жетиштиңиз. Мыкты үй-жай курдуңуздар, жакшы балдарды тарбияладыңыздар. Сизди түшүнүп турам, жолдошуңузду сагынып, бир чети ыза болуп турасыз. Бирок бул өч алууга негиз эмес. Ага атаандашып, өч алууну ойлобоңуз. Ал адамды жашооңуздан такыр чийип сала албайсыз. Себеби балдарыңыздын атасы. Өч алууну гана ойлоно берсеңиз, ден соолугуңузга да терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
Жөн гана сырткы келбетиңизге кам көрүп, көңүлдүн жарааттарын айыктырыңыз. Башкача айтканда, жан дүйнөңүздү калыбына келтирүүнүн үстүнөн иштегениңиз туура. Бул үчүн психологго жеке кайрылсаңыз болот. Анткени жолдошуңуз кайра кечирим сурап келсе же башка турмуш курсаңыз "бул да мени таштап кетпейби" деген жүрөкзаада ойлордон арылуу зарыл.