Спортчуларга сөз бербей... Жапаров министр Иманалиевге сөгүш жарыялады. Видео

Президент Садыр Жапаров Олимпиадага катышкан спортчуларды тосуп алуу аземинде кетирилген кемчилик үчүн маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиевге сөгүш жарыялады.
Sputnik

Спортчулар "Ала-Тоо" аянтына чогулган элдин алдына келгенде салтанаттын расмий бөлүгүн министр өзү алып барып, алгач улуттук курама команданын башчысы Атабек Азисбековго сөз берген. Анын артынан Олимпиададан күмүш медаль уткан Айсулуу Тыныбекова сөзгө чакырылды. Андан соң расмий бөлүк жыйынтыктала баштады. Бирок ошол жерде турган эл "Акжол, Мээрим!" деп кыйкырып, алардын да сүйлөшүн талап кылды.

Олимпиада атлеттерин "Ала-Тоого" жык-жыйма толгон эл тосуп алды. Видео
Мындан улам күмүш байгеге ээ болгон балбан Акжол Махмудов менен коло медаль тагынган Мээрим Жуманазаровага да сөз берилди.

Ошол учурда сахнада турган президент министрди жанына чакырып "медаль алгандарга бая эле сөз бербейт белеңер" деп урушуп жатканы угулду.

Аягында Жапаров мындай кемчилик үчүн министр Кайрат Иманалиевге эл алдында сөгүш жарыялды.