Мээримдин машыктыруучусу: тактикаларды WhatsApp аркылуу айтып турдум. Видео

Мээрим Жуманазарова Олимпиада-2020 мелдешинде кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмакта ат салышып, коло байге жеңип алды.
Sputnik

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Олимпиада-2020 оюндарынын коло байгесинин ээси Мээрим Жуманазарованын жеке машыктыруучусу Чынарбек Изабеков спортчу ар бир беттешке чыгар алдында ага тактикалык жолдорду WhatsApp аркылуу үйрөткөн. Бул тууралуу ал Токио Олимпиадасынын катышуучуларын тосуп алуу үчүн аэропортко келгенде журналисттерге айтты.

Жеке машыктыруучу катары ал мелдешке барбай калган.

"Биз WhatsApp аркылуу сүйлөшүп турдук. Кийинки таймашка тез эле чыгып жаткандыктан чарчап WhatsApp баракчасын караганга кээде жетишпей калып жатты. Ким менен кандай күрөшүү керектигин ватсапптан айтып турдум. Биз Мээримдин ар бир атаандашын жарым жыл иликтегенбиз. Эгер жанында болуп, атаандаштар тууралуу айтып турганымда дагы башка жыйынтык болушу мүмкүн эле", — деди ал.

Журналисттер машыктыруучу Токиого эмнеге барбай калганын сурашканда, "коронавирустан улам кыскартуу болгонун айтышкан" деди ал.

Мээрим Жуманазарова Олимпиада-2020 мелдешинде кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмакта ат салышып, коло байге жеңип алды.

Муну менен ал Олимпиада оюндарынын медалын тагынган алгачкы кыргызстандык балбан кыз болуп калды.