Кол булгап, сүрөткө түшүп... Токиодон келген спортчулардын жайдары сүрөттөрү

Sputnik

Олимпиадачыларды аэропорттон атайын кортеж менен алып келишти. Бир нече күйөрманы жол жээктеп шар, желек көтөрүп, кол булгап турушту.

"Ала-Тоо" аянтында спортчуларга арналган салтанат уюштурулуп, президент Садыр Жапаров катышты. Бул жерде ар бир олимпиадачыны өзгөчө азем менен тосуп алышты. Аларды куттуктаганы миңдеген кыргызстандык келип, кубанычына ортоктош болушту.

Токио-2020: кыргызстандык 16 спортчунун кимиси канчанчы орунду ээледи
Мамлекет башчы улуттук команданы ийгиликтүү келиши менен куттуктап, кыргыздын баатыр кыздары Кыз Сайкал менен Жаңыл Мырзанын руху тирүү экенин белгиледи. Муну Тыныбекова менен Жуманазарованын жеңиши делилдеп турганын айтты. Ал эми Акжол Махмудовдун өзгөчө ыкмаларына баа берди.

Кыргыз балбандары эки күмүш, бир коло тагынып келишти. Өлкөнүн эгемен тарыхында атлеттер биринчи болуп Олимпиададан үч медаль утуп жатат. Кыз-келиндер арасында дагы буга чейин бир да спортчу байгеге жеткен эмес. Жаңы тарыхты Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова жазды. Ал эми Акжол Махмудов 13 жыл мурунку тарыхты кайталады. Анда Пекин Олимпиадасында грек-рим көрөшүнөн Канат Бегалиев күмүш уткан эле.

Токио-2020 жайкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандан 16 спортчу барган. Эң акыркысы болуп 42 чакырым, 195 метрге чуркаган Дарья Маслова жыйынтыктады. Ал 88 жөө күлүктүн ичинен марага 36-болуп келди.

1 / 17
Токио Олимпиадасында өлкө намысын коргогон спортчулар бүгүн мекенине кайтып келди
2 / 17
Атлеттерди аба майдандан бийлик өкүлдөрү, туугандары жана журналисттер тосуп алды
3 / 17
Олимпиаданын күмүш медалынын ээси Айсулуу Тыныбекова ата-энеси жана бир туугандары менен учурашууда. Бул учурда апасынын көзүнө жаш алганын көргөн балбан кыз да жашып кетти. Айсулуу "ыйлабаңыз, апа!" деп энесин кубаттады.
4 / 17
Кыргызстан спорттун күрөш түрүнөн гана медаль алды. Грек-рим күрөшүнөн төрт, кыз-келиндер күрөшүнөн үч спортчу Олимпиадага барган.
5 / 17
Олимпиадачыларды аэропорттон атайын кортеж менен алып келишти. Күйөрмандары жол жээктеп шар, желек көтөрүп, кол булгап турушту.
6 / 17
"Ала-Тоо" аянтында спортчуларга арналган салтанат уюштурулуп, президент Садыр Жапаров катышты
7 / 17
Өлкө намсын коргогон атлеттерди куттуктаганы миңдеген кыргызстандык келип, кубанычына ортоктош болушту.
8 / 17
Борбордук аянтк кызыл килем төшөлүп ар бир олимпиадачыны өзгөчө азем менен тосуп алышты. Кубануу менен келе жаткан коло байге ээси Мээрим Жуманазарова.
9 / 17
Алтынга аз гана жетпей калып күмүш тагынып келген Акжол Махмудов кызыл килемде
10 / 17
Президент Садыр Жапаров Махмудовдун күрөштөгү өзгөчө ыкмасына баа берди
11 / 17
Кыргыз элинин дагы бир сыймыгы Айсулуу Тыныбекова. Ал эл астында сүйлөп жатып "Олимпиададан алтын алам деген сөзүмө тура албай калдым" деп кечирим сурады.
12 / 17
Жоламан Шаршенбеков баштапкы этапта казакстандык Мейрамбек Айнагуловду 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда таза техникалык артыкчылык менен жеңген. Ал эми чейрек финалда молдовалык Виктор Чобануга утулуп калды.
13 / 17
Каныкей Кубанычбекова Олимпиада мелдешинин расмий ачылышындагы салтанаттуу парадда Кыргызстандын туусун көтөрүп чыкты. Ал пневматикалык мылтык менен 10 метр аралыктан атуу боюнча жарышка катышып, финалдык баскычка өтө алган эмес.
14 / 17
Денис Петрашов 100 жана 200 метрлик аралыкка брасс ыкмасында сүзүү жарышында жакшы жыйынтык көрсөтө алды
15 / 17
Мамлекет башчы Садыр Жапаров Олимпиададан медаль менен кайткандарга белек убадалады
16 / 17
Кыргызстандыктар спортчуларды колдоп-кубаттоо үчүн жаш-кары дебей борбордук аянтка чогулган
17 / 17
Жаңы тарыхты жазган спортчулар менен сүрөткө түшүүгө ашыккандар көп болду