Бүгүн "Ала-Тоо" аянтына тапанча менен келген киши кармалды

Концертке кирүүгө аракет кылган жарандын жанында травматикалык тапанчасы болгон. Ага айып салынып, куралы алынган.
Sputnik

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Токиодогу Олимпиададан келген спортчулардын урматына уюштурулган "Ала-Тоо" аянтындагы концертке тапанча алып жүргөн жаран келгенин Бишкек ШИИББден билдиришти.

Бүгүн "Ала-Тоо" аянтына тапанча менен келген киши кармалды

Милициянын маалыматына караганда, аянтка тыюу салынган каражаттарды алып кирүүгө жол бербөө үчүн көзөмөл-өткөрүү пунктулары орнотулган.

"1993-жылы туулган А.А. аттуу жарандын жанынан Ekol Volga үлгүсүндөгү травматикалык тапанча табылган. Жаран Биринчи май райондук милициясына жеткирилип, протокол түзүлгөн. Ага айып салынды", - деп айтылат маалыматта.

Башка мыйзам бузуу катталган эмес.