Бишкекти жаңы жетектей баштаган Сарыбашов ишембиликке катышты. Сүрөттөр

Сарыбашовдон тышкары, ишембиликке Ленин районунун акими Мурат Осмонов, вице-мэрлер жана башка кызматкерлер катышты. Алар скверди жана унаа каттаган жолго чейин тилкени тазалашты.
Sputnik

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов Жумушчулар шаарчасындагы "Люкс" сквериндеги ишембиликке катышты. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты. 

Маалыматка караганда, бул аймакты түп-тамыры менен реконструкциядан өткөрүү пландалып жатат. 

“Сарыбашовдон тышкары, иш-чарага Ленин районунун акими Мурат Осмонов, вице-мэрлер жана башка кызматкерлер катышты. Алар скверден сырткары унаа каттаган жолго чейин тилкени тазалашты”, — деп айтылат билдирүүдө. 

Сарыбашов бул кызматка ушул аптанын башында дайындалды. Буга чейин ал Ош шаарын жетектеп келген.