Бажы кызматы иттерин аэропортто адамдын дене табын текшерүүгө үйрөттү. Сүрөт

Дене таптын жогорулашын аныктоонун мындай методун колдонуу коронавирустун жайылуу тобокелчилигин бир кыйла азайтары айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Бажы кызматы иттерди дене табы жогорулаган адамдарды табууга үйрөтүп, сыноодон ийгиликтүү өткөрдү. Бул туурасында аталган органдын маалымат кызматы билдирди.

Бажы кызматы иттерин аэропортто адамдын дене табын текшерүүгө үйрөттү. Сүрөт

ЕККУнун Программалык кеңсесинин колдоосу менен Кинология кызматынын базасында "Жылуулук булактары объектилерин (субъектилерин) издөө боюнча кызматтык иттерди даярдоо" тобун ачуу мүмкүнчүлүгү каралган.

"Кызматтык иттер адамдын дене табын 37 градустан жана андан жогору экенин сезери далилденди. Тестирлөө Бишкектеги бажы окуу борборунда 45 күндүн ичинде жүргүзүлгөн. "Манас" аэропортунда дагы сынап көрүп, кийиминин астына дене табы орточодон жогору болгон муляжды катып киришти. Эки күндүн ичинде иттердин даярдыгын ийгиликтүү сынашты", — деп айтылат маалыматта.
Бажы кызматы иттерин аэропортто адамдын дене табын текшерүүгө үйрөттү. Сүрөт

Ошондой эле Бажы кызматы иттин берген белгиси жүргүнчүдө вирустук инфекция бардыгын айгинелебестигин, ал болгону дене табы жогору экенин ырастап, кылдат текшерүү талап кылынарын көрсөтүп берерин белгиледи.

ИИМ жөлөк болуп чогуу жүргөн кызматтык иттери тууралуу айтып берди. Сүрөт
"Буга чейин Швециянын жана Венгриянын илимий чөйрөсүндө ушул тематикага байланыштуу изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Иттердин көрүү, угуу же жыт билүү сезимдери жок болгон учурда алар адамдын дене табын аныктай ала тургандыгы белгиленген. Дене таптын жогорулашын аныктоонун мындай методун колдонуу коронавирустун жайылуу тобокелчилигин бир кыйла азайтат", — деп билдирди Бажы кызматы.

Мунун баары эксперимент түрүндө жасалган.