Месси "Барселона" клубу менен 17 жылдан соң кош айтышты

Клубдун сайтында оюнчунун жана клубдун каалоосу аткарылбай калганына эки тарап тең аябай өкүнүп жатканы жазылган.
Sputnik

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. "Алтын топ" наамынын алты жолку ээси Лионель Месси "Барселона" клубу менен жаңы келишим түзүүгө барбайт. Бул туурасында Р-Спорт жазды.

Клубдун сайтында тараптар келишимди узартууга даяр болгондугун, бирок анын экономикалык жана Ла Лигадагы структуралык эрежелери менен макулдаша албай калышканын билдирген.

"Түзүлгөн кырдаалдан улам Месси "Барселонада" калбай турган болду. Оюнчунун жана клубдун каалоосу аткарылбай калганына эки тарап тең аябай өкүнүүдө. "Барселона" футболчуга клубдун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет, кесиптик жана жеке жашоосунда ийгиликтерди каалайт", — деп жазылган маалыматта.

Жаңы рекорд! Мессинин 644-голун киргизгенде кийген бутсасы 143 миң еврого сатылды
Аргентиналык 34 жаштагы футболчунун клуб менен келишими 30-июнда бүткөн.

Месси "Барселонага" 2004-жылы келген. Бул команда менен биргеликте 10 жолу Испания чемпионатын жана жети ирет Испания кубогун уткан. Ошондой эле төрт жолу Чемпиондор лигасынын жеңүүчүсү болгон.

Ал "Барселона" клубунун эң мыкты бомбардири катары маалым. Гол киргизүү боюнча рекорд жараткан.