АИ-92 үлгүсүндөгү бензин Кыргызстандын кайсы аймагында арзан

Июль айынын соңунда Нефтетрейдерлер ассоциациясы Кыргызстанда күйүүчү май дагы 6-10 пайызга кымбатташы күтүлүп жатканын айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 6-авг — Sputnik. Кыргызстанда айдоочулар арасында популярдуу АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы бир жыл ичинде 1,6 пайызга өсүп, июль айында 53,32 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Ал эми дизелдик майдын литри 48,11 сомго жетип, дээрлик 1,4 эсеге кымбаттады.

Батир издеп жүрөсүзбү? Бишкектеги үйлөрдүн июлдагы баасы
АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин чекене баасы республикалык орточо көрсөткүчтөн Исфана (бир литри 57,75 сом), Баткен (57,12 сом), Ноокат (56,10 сом) шаарларында жогору болуп турат.

Ал эми төмөн баалар Талас (бир литри 51,69 сом), Нарын (46,24 сом), Токмок (51,46 сом) калааларында катталды.

Июль айынын соңунда Нефтетрейдерлер ассоциациясы Кыргызстанда күйүүчү май дагы 6-10 пайызга кымбатташы ыктымалдыгын айткан. Буга өткөн айларда россиялык заводдордо бензиндин тоннасы 70 долларга, дизель майыныкы 60 долларга кымбаттаганы себеп болгон. Бул күйүүчү майлардын бир литринин үстүнө 5,5 жана 4,2 сомдон кошулат дегенди түшүндүрөт.