Айаал Лазарев Олимпиададагы оюндарын медалсыз жыйынтыктады

Кыргызстандык балбан баштапкы этапта АКШлык Гэйбл Стивенсон менен кармашып, америкалыкка таза техникалык артыкчылык менен утулган.
Sputnik

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Кыргызстандык эркин күрөш боюнча балбан Айаал Лазарев Олимпиада оюндарында көңүл жубатуучу беттеште утулду. Бул этапта ал түркиялык Таха Акгүл менен кармашып, 4:00 эсебинде жеңилип калды.

Түркиялык балбан эми Олимпиаданын коло байгеси үчүн монголиялык Лхагвагерель Мунхтур менен таймашат.

Эң оор, 125 килограмм салмакта күч сынашкан кыргызстандык балбан баштапкы этапта АКШлык Гэйбл Стивенсон менен кармашып, таза техникалык артыкчылык менен утулган.

Америкалык спортчу финалга чыгып, кыргызстандык атлет көңүл жубатуучу таймашка чыгууга укук алган эле.

Сүйүнүч, күйүт, кайнаган эмоция! Кыргыз балбандарынын Олимпиададагы ирмемдери
Бул беттештин эсебинен кийин Лазарев үчүн Олимпиада оюндары жыйынтыкталды.

Эске салсак, Токиодо болуп жаткан Олимпиада оюндарынан учурда Кыргызстан эки күмүш жана бир коло алды. Тагыраагы, 68 килограмм салмакта мелдешке чыккан Мээрим Жуманазарова Олимпиаданын коло медалын утуп, эгемен Кыргызстандын тарыхында Олимпиада медалын тагынган алгачкы балбан кыз болуп калды.

Айсулуу Тыныбекова 62 килограмм салмакта күрөшүп экинчи орунду камсыздап, Олимпиаданын күмүш медалын тагынды. Финалдык айыгышкан кармашта япониялык Юкако Каваиге 4:3 эсебинде утулду. Тыныбекова тарыхта Олимпиаданын күмүш медалын тагынган алгачкы балбан кыз болуп калды.