Стенин атындагы сынакта онлайн добуш берүү боюнча жеңүүчү аныкталды

Сынактын максаты — жаш фотографтарды колдоо, бүгүнкү күндөгү фотожурналистиканын көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн буруу.
Sputnik

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Андрей Стенин атындагы эл аралык фотожурналистика сынагынын баштапкы жыйынтыгы чыгып, интернет-колдонуучулардын сүймөнчүгүнө бангладештик Рафид Ясар ээ болду. Ал сынакка "Бактылуу фермер" аттуу эмгегин жөнөткөн.

Сүрөттө түстүү капустанын түшүмүн жыйнап, ага кубанып турган фермер көрсөтүлгөн. Бул кадрга интернет-колдонуучулардын дээрлик 25 пайызы "мыкты" деп добуш берген. Сүрөтчү элдин ишеними ага күч берип, өзү кыялданып жүргөн режиссерлук кесипке жетем деп ишенүүдө.

Стенин атындагы сынакта онлайн добуш берүү боюнча жеңүүчү аныкталды
"Элдик добуш берүү гран-при эмес экенин түшүнөм. Бирок ар бир добуш - мен үчүн сыймык. Бул сынакта менчелик жеңишке жеткиси келген адам барбы, билбейм. Эң күчтүүсү жеңсин", — деди ал. 

Сентябрь айынын аягында Стенин атындагы сынактын жыйынтыгы чыгып, гран-при тапшыруу аземи онлайн-форматта өтөт. Уюштуруучулар жылдын соңуна чейин жеңүүчүлөрдүн эмгектерин дүйнөлүк турнеге алып чыгууну пландоодо.

Сынак тууралуу

Стенин атындагы сынак ишин жыйынтыктап, быйылкы жеңүүчүлөрдү атады
"Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттиги негиздеп, Россиянын ЮНЕСКО иштери боюнча комиссиясынын колдоосу менен өтүп келген Андрей Стенин атындагы эл аралык фотожурналистика сынагынын максаты — жаш фотографтарды колдоо, бүгүнкү күндөгү фотожурналистиканын көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн буруу. Бул таланттуу, сезимтал, алдыга умтулган жаш сүрөтчүлөр үчүн мыкты аянтча.

Быйыл башкы маалыматтык өнөктөш Вести.Ru порталы, "Россия-Культура" жана "Москва 24" телеканалдары болду.

Ошондой эле Sputnik маалымат агенттиги жана радиосу, Askanews маалымат агенттиги, Independent Media медиахолдинги, ANA маалымат агенттиги, RT телеканалы жана порталы, Shanghai United Media Group (SUMG), China Daily гезитинин интернет-порталы, The Paper интернет-порталы, Al Mayadeen медиатүйүнү, Prensa Latina, DBW интернет-порталы жана Telam маалымат агенттиги өнөктөш болду.