Равшан Жээнбековду үй камагынан Бишкектеги тергөө абагына киргизишти. Себеби

Жээнбеков былтыркы жылдын октябрь айынан бери үй камагында отурган. Ал эми ага чейин Кой-Таш окуясы боюнча фигурант болгондуктан бир жылга чукул абакта калтырылган.
Sputnik

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Саясатчы Равшан Жээнбеков Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизилди. Бул туурасында Биринчи май райондук сотунан кабарлашты.

Эми ал 5-октябрга чейин аталган жайда кармалат.

"Айыптоочу тарап ал үй камагынын тартибин бузду деп кине такты. Бирок ал саат 22:00дөн кийин эшикке чыкса да тартип коргоо органдарынан жашырынбай жана сотторго басым кылган эмес. Эреже сакталган", — деди жактоочу.

Алардан арылыш керек! Абактагы мурдагы президент Атамбаев Садыр Жапаровго кеңеш берди
Жээнбеков анын баш коргоо чарасы өзгөртүлөрүн кечээ социалдык тармактагы баракчасына жазып, абакта чачтарач жок болгондуктан чачын тегиздетип алып барарын айткан.

Саясатчы соттун жогорудагы чечиминен кийин журналисттерге саясий куугунтуктоого кабылганын билдирген.

Белгилей кетсек, Жээнбеков 2019-жылы декабрда кармалып, Кылмыш-жаза кодексинин 244 ("Барымтага алуу") жана 264-беренелери ("Массалык башаламандык уюштуруу") боюнча айып тагылган. Сот иштери уланып, 2020-жылы октябрда үй камагына чыгарылган.