БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Кыргызстанда бүгүнкү маалымат боюнча 505 миңден ашуун адам коронавируска каршы вакцина алды. Бул туурасында министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.
Бул эмделүүгө тийиш болгон категориядагы (3,4 миллион адам) жарандардын 14,8 пайызын түзөт.
Билдирмеге караганда, жалпысынан 641 миңден ашык вакцина колдонулган. Анын ичинен биринчи доза менен жарым миллиондон ашык адам эмделген, ал эми экинчи дозасын алгандар 135 миңден ашты.
Буга 18 жашка чейинки балдар, тышкы эмгек мигранттары киргизилген эмес. Жамааттык иммунитет жаралышы үчүн максаттуу топко киргизилгендердин кеминде 70 пайызы вакцина алышы зарыл. Бул 2,4 миллион адамды түзөт.
Республикалык ыкчам штаб COVID-19дун жайылышын токтотуу, өзүңүздү жана жакындарыңызды оорудан коргоонун, организмди алдын ала даярдоонун жана иммундук коргоону камсыз кылуунун бирден-бир ишенимдүү жолу эмдөө болуп саналарын эскертет.
Андыктан жарандарды акысыз жана ыктыярдуу түрдө жүргүзүлүп жаткан эмдөөгө активдүү катышууга чакырат.