Окумуштуулар балдар коронавирусту канча күндө жеңип кетерин аныктады

Изилдөө учурунда балдарга COVID-19 жуккандан тарта орто эсеп менен алты күндөн кийин абалы жакшырары белгилүү болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Британиялык окумуштуулар балдар COVID менен ооругандан кийин кандай симптомдор узак мөөнөткө чейин сакталып каларын аныктады. Бул туурасында "Известия" порталы жазды.

Балдарды коронавирустан кантип сакташ керек. 5 кеңеш
Изилдөөгө Британиядагы 258 миң окуучу катышкан. Анда балдарга коронавирус жай темп менен жугарын жана алар оорунун оор симптомдорун баштан кечирбеси жазылган. Изилдөө учурунда 18 жашка чыга элек балдарга коронавирус жуккандан тарта орто эсеп менен алты күндөн кийин абалы жакшырары белгилүү болгон.

Ошол эле учурда балдар айыккандан кийин 4,4 пайызында COVID-19дун мүнөздүү симптомдору сакталып калган. Алардын басымдуу бөлүгү ар дайым чарчаңкы абалда болуп же сезүүсү начарлап жана башы ооруган. Бирок мындай симптомдордон үч-төрт жумадан кийин кутулушкан.