Айаал Лазарев Олимпиаданын коло байгеси үчүн таймашат

Кыргызстандык балбан баштапкы этапта АКШлык Гэйбл Стивенсон менен кармашып, америкалыкка таза техникалык артыкчылык менен утулган.
Sputnik

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Кыргызстандык эркин күрөш боюнча балбан Айаал Лазарев Олимпиада оюндарынын коло байгеси үчүн таймашат.

Кыргызстандык балбан баштапкы этапта уткан америкалык Гэйбл Стивенсонго жеңилген.

Олимпиада: Кыргызстан медаль боюнча Борбор Азияда алдыңкы сапка чыкты
АКШлык спортчу финалга чыгып, Лазарев көңүл жубатуучу таймашка чыгууга укук алды.

Эң оор салмакта (125 килограмм) ат салышып жаткан Айаал Лазарев эми Рио-де-Жанейро Олимпиадасынын чемпиону, түркиялык Таха Акгүл менен кармашат. Эгер аны утса, коло байге үчүн монголиялык Лхагвагерель Мунхтур менен коло байге талашат.

Көңүл жубатуучу кармаштар эртең, 6-августта, саат 08:00дө, ал эми коло байге үчүн таймаштар саат 17:00дө болот