696 кишиден коронавирус табылып, 9 бейтап көз жумду. Соңку статистика

Азыркы тапта стационарда 3 393 бейтаптын дарыланып жатканы айтылды. Андан тышкары, 8 270 киши медициналык жардамды үй шартында алып жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Өткөн суткада 696 кишиден коронавирус табылып, 1 681 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 339;
  • Ош шаары – 10;
  • Чүй облусу – 84;
  • Ош облусу – 44;
  • Талас облусу – 14;
  • Нарын облусу – 15;
  • Ысык-Көл облусу – 50;
  • Жалал-Абад облусу – 89;
  • Баткен облусу – 51.

Ушуну менен өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 166 236га жетти. Анын ичинен 150 852 киши ооруну жеңген.

Тилекке каршы, бир сутка ичинде тогуз бейтап коронавирустан көз жумган. Дарт жалпы жонунан 2 363 адамдын өмүрүн алган.

Азыркы тапта стационарда 3 393 бейтаптын дарыланып жатканы айтылды. Андан тышкары, 8 270 киши медициналык жардамды үй шартында алып жатат.