Нурмагомедов келген көл жээктеги Eagle FC турнири. 17 сүрөт

Sputnik

Мелдеште кыргызстандык спортчулар Россия, Казакстан жана Өзбекстандан келген мушкерлер менен күч сынашты. Турнирде өлкө атынан Александр Федосеев, Данияр Бабакулов өңдүү белгилүү мушкерлер катышып, жеңишти камсыздады. Кеченин башкы беттешинде кыргызстандык Бусурманкул Абдибаит уулу россиялык чемпион Руслан Яманбаевди техникалык нокаут менен жеңип, EFC уюмунун жаңы чемпиону болду. Хабиб Бусурманкулга бел курду өзү такты.

1 / 17
Чолпон-Атада аралаш мушташ спортунун сүйүүчүлөрү көптөн күткөн турнир өттү
2 / 17
Кыргызстанда Хабиб Нурмагомедов өзүнүн Eagle Fighting Championship (EFC) лигасынын турнирин уюштурду
3 / 17
Мелдеш 3-августта Чолпон-Атадагы ипподромдо болду
4 / 17
Ысык-Көлдөгү турнирге Хабиб Нурмагомедов конок катары келди
5 / 17
Мелдеште кыргызстандык спортчулар Россия, Казакстан жана Өзбекстандан келген мушкерлер менен күч сынашты
6 / 17
Турнир ачык асман алдында өткөнү менен да айырмаланып турду
7 / 17
Мелдеште өлкө атынан Александр Федосеев, Данияр Бабакулов өңдүү белгилүү мушкерлер катышып, жеңишти камсыздады.
8 / 17
Айла жоктон коргонууга өткөн спортчу жана беттешти жан далбастап токтоткон рефери
9 / 17
Кеч курун беттеш кызуусуна батып, улам көрүүчүлөр көбөйүп жатты
10 / 17
Күйөрмандардын көптүгүнө байланыштуу коопсуздук кызматкерлери да кадам сайын коюлган
11 / 17
Бул турнирде нокауттар азыраак болду, спортчулар күрөштүн чеберчиликтерин көрсөтүп жатты
12 / 17
Жаракат алган спортчуга жардам көрсөткөн медик. Эгер абалы оор болсо жанындагы рефери токтотуп да салат.
13 / 17
Турнир адаттагыдай болжолдуу, негизги жана башкы беттештерден турду
14 / 17
Спортчулар сүйүнгөндө ушинтип кыйкырып алат
15 / 17
Кеченин башкы беттешинде кыргызстандык Бусурманкул Абдибаит уулу менен россиялык чемпион Руслан Яманбаев кез келди
16 / 17
Кармаштын экинчи раундунда Абдибаит уулу атаандашын техникалык нокаут менен жеңип, EFC уюмунун 65 килограмм салмактагы
17 / 17
Хабиб Бусурмакулга бел курду өзү такты