Эркин күрөш балбаны Айаал Лазарев Олимпиадада АКШлык спортчу менен таймашат

Бүгүн, 4-августта, эркин күрөш боюнча эң оор, 125 килограмм салмактагы балбандар таразага түшүп, чүчү кулак кармашты.
Sputnik

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбан Айаал Лазарев Олимпиада-2020 мелдешинин баштапкы этабында АКШлык балбан менен күрөшөт. Бул тууралуу өлкөнүн Күрөш федерациясы билдирди.

Алтынга бир кадам! Айсулуу Тыныбекованын финалдагы каршылашынын таржымалы
Бүгүн эркин күрөш боюнча эң оор, 125 килограмм салмактагы балбандар таразага түшүп, чүчү кулак тартылды.

Айаал Лазарев эртең, 5-августта, мелдештин 8/1 этабында америкалык Гейбл Стивесо менен күрөшөт. Оюндар 08:00дө башталат. Мелдешти КТРК Спорт каналы түз алып көрсөтөт.

Оор салмактагы кыргызстандык балбан быйыл Казакстандын Алматы шаарында өткөн Азиялык лицензиялык мелдеште Олимпиадага жолдомо алган.