Бүгүн Айсулуу Тыныбекова Олимпиаданын алтын байгеси үчүн таймашат

Тыныбекова 62 килограмм салмактагы мыкты балбан кызды аныктоочу кармашта япониялык Юкако Каваи менен кез келет.
Sputnik

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Бүгүн, 4-агустта, кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Олимпиада-2020 мелдешинин алтын байгеси үчүн күрөшөт. 62 килограмм салмактагы мыкты балбан кызды аныктоочу кармашта ал япониялык Юкако Каваи менен кез келет.

Тарыхта Олимпиададан медаль алган биринчи кыз. Мээримдин жеңиши видеодо
Айсулуу жарым финалда украиналык Ирина Коляденкону 10:0 эсебинде таза техникалык артыкчылык менен уткан. Ага чейин румыниялык жана литвалык спортчуларды жеңген. Кыргызстандык балбан кыз таймаштарында атаандаштарына бир да упай алдыра элек. Анын 24 жаштагы япониялык атаандашы 2019-жылы дүйнө чемпионатынын финалында Айсулуу менен күрөшкөн Тайбе Мустафа Юсеинди утуп, финалга жолдомо алган. Спортчулар буга чейин бир нече ирет кармашкан.
2019-жылы дүйнө чемпионатында кыргызстандык кыз утса, 2020-жылы Азия биринчилигинде жеңиш япониялык тарапта болгон. Олимпиаданын финалдык беттештери саат 16:30да башталат.

Кыргызстандан Токио шаарында XXXII жайкы Олимпиадага 16 спортчу аттанган. 23-июлда башталган олимп оюндары 8-августта аяктайт. Азырынча Кыргызстандын байге капчыгында күрөш боюнча алган бир күмүш жана бир коло медалы бар. Күмүш байгени өлкөсүнө Акжол Махмудов, ал эми коло байгени Мээрим Жуманазарова тартуулады.