Атабек Азисбеков Олимпиадада медалсыз калды

Атабек Азисбеков 26 жашта, килемде 87 килограмм салмакта күч сынашып келет. Олимпиадага жолдомону 2019-жылы Казакстанда өткөн мелдеште алган.
Sputnik

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча балбаны Атабек Азисбеков Олимпада оюндарында көңүл жубатуучу беттеште утулду. Бул этапта ал германиялык Денис Кудла менен кармашкан. 10:2 эсебинде техникалык артыкчылык менен утулду.

87 килограмм салмакта күч сынашкан кыргыз балбаны баштапкы этапта Виктор Лёринцке 6:1 эсебинде жеңилип калган болчу. Венгриялык спортчу финалга чыгып, Атабек Азисбеков көңүл жубатуучу таймашка чыгууга укук алган эле. 

Бул беттештин жыйынтыгынан кийин Азисбеков үчүн Олимпиада оюндары жыйынтыкталды.

Эске салсак, Кыргызстандан Токио шаарындагы XXXII жайкы Олимпиадага 16 спортчу аттанган. 23-июлда башталган олимп оюндары 8-августта аяктайт. Азырынча Кыргызстандын байге капчыгында күрөш боюнча алган бир күмүш жана бир коло, жалпы эки медаль бар. Күмүш байгени өлкөсүнө Акжол Махмудов, ал эми коло байгени Мээрим Жуманазарова тартуулады.