Мээрим Жуманазаровадан бүгүн коло медалды ким талашат. Атаандашы 9 жаш улуу

Батцэцэг 31 жашта, буга чейин Азиянын жана дүйнө чемпиону болгон. 2012-жылпы Лондон Олимпиадасында коло медаль утуп алган.
Sputnik

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова Олимпиада-2020 мелдешинин коло байгеси үчүн бүгүн монголиялык спортчу Соронзонболдын Батцэцэг менен таймашат.

Батцэцэг 31 жашта, буга чейин Азиянын жана дүйнө чемпиону болгон. 2012-жылпы Лондон Олимпиадасында коло медалын утуп алган.

Таза жеңиш! Айсулуу Тыныбекова Олимпиада оюндарынын жарым финалына чыкты. Видео
Кыргызстандык балбан кыз килемде өзүнөн тогуз жаш улуу спортчу менен беттешет.

Мээрим баштапкы этапта болгариялык Мими Николова Христова менен кез келип, 7:5 эсебинде утуп алган болчу. Чейрек финалда нигериялык Блессинг Оборудудуга 3:2 эсебинде жеңишти алдырган. Бирок нигериялык кыз финалга чыгып, Жуманазарова коло байге үчүн ат салышууга мүмкүнчүлүк алган. Ал эми бүгүн эртең менен спортчу азербайжан кызы Элиз Манолованы 4:1 эсебинде утуп алды.

Коло байге үчүн таймаштар Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө болот.