БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Кыргызстандык 22 жаштагы спортчу Мээрим Жуманазарова Олимпиада-2020 мелдешинин коло медалын утту. Байге үчүн таймашта ал монголиялык спортчу Соронзонболдын Батцэцэг менен таймашып, атаандашынын далысын жерге тийгизип таза жеңишти камсыздады.
Мээрим таймаштын башында эле демилгени колго алып, мыкты чабуулдарды жасап, ал ийгиликтүү болду.
Муну менен Олимпиада-2020да кыргыз спортчулары экинчи медалды өлкөсүнө алып берди. Жуманазарова кыргызстандык спортчу кыздардын ичинен биринчи ирет олимпиада медалын алды.
Мээрим Жуманазарованын бул олжосу Кыргызстандын эгемен тарыхындагы үчүнчү коло байге болду. Буга чейин грек-рим күрөшүнүн балбаны Руслан Түмөнбаев, эркин күрөшчү Базар Базаргуруев 2008-жылкы Пекин Олимпиадасынын коло медалын тагынышкан.
Кыргызстандан Токио шаарында XXXII жайкы Олимпиадага 16 спортчу аттанган. 23-июлда башталган олимп оюндары 8-августта аяктайт. Азырынча Кыргызстандын байге капчыгында күрөш боюнча алган бир күмүш жана бир коло медалы бар. Күмүш байгени өлкөсүнө https://sputnik.kg/news/20210803/1053420481/akzhol-makhmudov-olimpiada-final-kumush-bayge.html Акжол Махмудов алып келди.