Олимпиада: эки балбандын жеңишинен кийин Кыргызстан 64-орунга чыкты

Кошуна Казакстан Кыргызстандан 11 сапка артта калган, ал эми Өзбекстан эки алтын утуп алда канча озуп кетти.
Sputnik

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Балбандардын бүгүнкү жеңишинен кийин Кыргызстан медалдардын саны боюнча Токио Олимпиадасында 64-орунга чыкты.

Белгилей кетсек, бүгүн грек-рим күрөшүнөн Акжол Мухмудов күмүш, эркин күрөштөн Мээрим Жуманазарова коло медаль утуп жаңы тарыхты жаратышты.

Манастын тукуму экениңди далилдедиң! Жапаров Акжолду куттуктап, дем берген видеосу
Учурда кошуна өлкөлөрдөн Казакстан үч коло медалы менен 75-орунда турат. Өзбекстан эки алтын, бир коло утуп 27-орунга көтөрүлдү. Ал эми Тажикстандын спортчулары бир дагы орунга жетишпей, 31-июлда бардык спортчулары үйүнө кайткан.

Кытай 69 медалы (32 алтын, 21 күмүш, 16 коло) менен биринчи орунду бербей келе жатат. 72 байгеге (24 алтын, 27 күмүш, 21 коло) жетишкен АКШ экинчи орунда. Үй ээси Япония үчүнчү орунда, куржунуна 36 медаль (19 алтын, 6 күмүш, 11 коло) топтоду.