Бишкектен Минскиге алгачкы учак түз учуп барды

Бишкектен Беларустун борбор калаасына багытталган рейс шейшемби сайын аткарылып турат. Жаңы каттамдын биринчи жүргүнчүсүнө белек берилди.
Sputnik

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Минскинин улуттук аэропортуна Бишкек — Минск — Бишкек каттамы менен Бишкектен биринчи самолет учуп барды.

Беларустун аэропортунун сайтындагы маалыматка караганда, рейсти кыргызстандык AviaTraffic аткарган.

Минскиге AirBus A320 борту барган. Жаңы рейстин биринчи жүргүнчүсүнө аэропорттун атынан белек берилди.

Бишкектен Минскиге учак ар шейшемби сайын саат 06:50дө багыт алат. Ал эми Минскиден Бишкекке 10:25те учат. Жолдун узактыгы 5 саат 5 мүнөт.