Радио

Оморов: Дене тарбия академиясы жогорку квалификациядагы кадрларды даярдайт

Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын административдик чарба иштери боюнча проректору Максат Оморов КМДТСА заманбап талаптарга ылайык жогорку квалификациядагы кадрларды даярдап чыгарып жаткандыгын айтты.
Sputnik

Академия өлкөдөгү заманбап окуу-илимий жана спорттук базасы бар, спорт жана дене тарбия тармагындагы бирден-бир адистештирилген жогорку окуу жайы катары эсептелет. Мындай маалыматты Максат Оморов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Оморов: Дене тарбия академиясы жогорку квалификациядагы кадрларды даярдайт

Анын айтымында, окуу жайдын өлкөдөгү спорттун өнүгүшүнө көмөгү чоң болгондуктан өкмөт тарабынан дагы көңүл бурулуп, маалыматтык технологиялар жаатында колдоо болушу керек.

"Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы 1955-жылы негизделип, андан бери 13 миңдей бүтүрүүчүнү уядан учурду. Учурда окуу жайдан билим алган адистер республикада жана чет өлкөлөрдө ийгиликтүү иштеп келишет. Академияда эки миңдей студент билим алып, жылына 400дөй бүтүрүүчүгө диплом берет. Спортту жайылтуу, аны өнүктүрүүдө Дене тарбия академиясы жогорку квалификациядагы кадрларды даярдайт. Мындан тышкары, маданиятыбызды, каада-салтыбызды унутта калтырбай кыргыздын улуттук оюндарына да басым жасалып, ат оюндары, тогуз коргоол, ордо сыяктуу багыттар каралган. Дүйнөлүк спортто болуп жаткан жаңы тенденциялардан калбай, эл аралык стандартта билим берүү үчүн аракет кылып жатабыз. Бирок маалыматтык технологиялар жаатында дагы иштөө керек", — деди Оморов.

Ошондой эле адис Мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясына кабыл алууда Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы зарыл эместигин кошумчалады.