Бекдөөлөт Расулбеков Олимпиадада 6-орунду ээледи. Видео

Кыргызстандык спортчу түртүп көтөрүүдө 200, андан соң 208 килограммды көтөрдү. Үчүнчү аракетинде 216 килограммды көтөрө албай калды.
Sputnik

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү, оор атлетчи Бекдөөлөт Расулбеков Токио Олимпиадасында 6-орунду ээледи.

Ал бүгүн оор атлетика боюнча турнирге 96 килограмм салмак категориясында чыккан.

Кыргызстандык спортчу булкуп көтөрүүнүн натыйжасында сегизинчи орунду алды. Бекдөөлөт биринчи аракетинде 162 килограмм штанганы көтөрүп, экинчисинде 166 килограммды көтөрө албай калды, бирок үчүнчү аракетинде жакшы натыйжа көрсөттү.

Жоламан жана Айпери Токиодо алгач казак балбандары менен беттешет. Чоо-жайы
Ал эми түртүп көтөрүүдө 200 килограмм менен ийгиликтүү баштады. Экинчи аракетинде 208 килограммды да көтөрүп койду. Тилекке каршы, үчүнчүсүндө 216 килограммдык штангага жасалган аракет оңунан чыкпай калды. 

Бардык аракеттерди кошуп эсептөөнүн (374 кг.) жыйынтыгында кыргызстандык спортчу алтынчы орунга жетишти.

Алдын ала берилген маалымат боюнча, бул категорияда Катардан келген оор атлетчи Фарес Ибрахим Эльбах Олимпиада чемпиону болду.