Таластагы Киров суу сактагычына ГЭС курулат. Сүрөт

ГЭС 30 мегаватт кубаттуулукта болот. Ал ишке киргенде аймактагы сугат системасына эч кандай жолтоолук кылбай тургандыгы белгиленди.
Sputnik

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Талас облусундагы Киров суу сактагычына гидроэлектростанция курулат. Анын долбоорун энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев менен президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков жеринен талкуулаганын өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди. 

Министр бул электр энергиясын чыгаруучу ишкана 30 мегаватт кубаттуулукта болорун жана ишке кирген учурда да аймактагы сугат системасына эч кандай таасирин тийгизбей тургандыгын белгиледи.

Кышында жарыксыз калбайбызбы? Өлкөдөгү ГЭСтердин абалы жана картасы
Өз кезегинде Нарбеков долбоордун курулушун ишке ашырууда жана тийиштүү иш кагаздарын мыйзамга шайкеш келтирүүдө ар тараптуу жардам берерин кошумчалады.

“Гидропроект” ишканасынын техниги Аскар Каленовдун айтымында, учурда гидроэлектростанция курула турган аймакка геодезиялык жумуштар жүргүзүлүүдө.

Облус башчысы буга чейин Киров суу сактагычына ГЭС куруу боюнча долбоор пландалып жатканын, ага 22 миллион доллар керектелерин айткан.