Кыргызстан AstraZeneca вакцинасынын 226 миң дозасын алды. Аэропорттогу видео

Кыргызстанга AstraZeneca компаниясынын коронавируска каршы вакцинасынын 226 миң дозасы жеткирилди. Бул COVAX глобалдык механизминин алкагында алып келинген биринчи партия.
Sputnik

Кыргызстандыктар үчүн мындан башка россиялык "Спутник V", кытайлык "Vero Cell" (Sinopharm) жана казакстандык "QazVac" жеткиликтүү.

QazVac вакцинасын жеткирип келген казак окумуштуусу препарат тууралуу айтып берди
Республикалык штабдын маалыматына караганда, AstraZeneca вакцинасы III фаза сыноосунун негизинде SARS-CoV-2 симптоматикалык инфекциясына каршы 70 пайызга эффективдүү жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан тастыкталган. Эмдөөдөн 18 жаштан жогорку курактагы адамдар өтө алышат. 1 жана 2-дозалардын ортосундагы аралык 4-12 жуманы түзөт.

COVAX - бул Вакциналар жана иммунизация боюнча дүйнөлүк альянс жана Эпидемияларга карата даярдыкты камсыздоо жаатындагы инновация боюнча коалициясы менен биргеликте ДССУ тарабынан чыгарылган эл аралык механизм.

Программа өндүрүштүк кубаттуулуктарды түзүүнү колдойт жана сатып алууларды жүргүзөт. Анын шарттары боюнча, кирешеси жогору өлкөлөр башка мамлекеттерге жардам берүү максатында вакциналардын акчасын төлөшөт.