Коронавирус 10 кишинин өмүрүн алды. 30-июлдун статистикасы

Ооруканадагы COVID-19 менен ооруган бейтап. Архив
Кыргызстандагы ооруканаларда коронавирус менен күрөшүп жаткан бейтаптардын ичинен 227 киши өтө оор абалда.
Sputnik

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясын жуктурган 10 киши көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Алардын бешөө Бишкекте, төртөө Чүйдө жана бирөө Жалал-Абадда дарыланып жаткан.

Пандемиядан бери жалпы 2 311 адам каза болду.

Учурда стационарда 3 888, ал эми амбулатордук түрдө 11 483 адам дарыланып жатат. Ооруканадагы 1079 кишинин абалы оор, ал эми 227 бейтап өтө оор абалда жатат.