Акимдер чуусу. Депутаттар Жапаров сунуштаган 4 мыйзамды колдоого макул болду

Өткөн жумада парламент аталган документтерде карама-каршылыктар көп экенин айтып талкуу учурунда күн тартибинен алып салган.
Sputnik

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары аткаруу бийлигинин ишмердүүлүгү боюнча президент сунуштаган төрт мыйзам долбоорун кайра колдоого макулдук берди.

Белгилей кетсек, өткөн жумада парламент аталган документтерде карама-каршылыктар көп экенин айтып талкуу учурунда күн тартибинен алып салган.

Ал эми бүгүн жыйындын башында министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов биринчи окууда концепциясын жактырып берүүнү суранды.

Бүгүн күн тартибине алардын кайра киргизилип калганына эл өкүлдөрү Рыскелди Момбеков, Айсулуу Мамашова, Каныбек Иманалиев, Айбек Осмонов каршы чыгышты. Артка кайтарылган мыйзам долбоору кайра алты айдан кийин каралышы керектигин айтышты.

Акимдердин президенттикиндей эле кол тийбестиги болот. Мыйзам долбоор
Вице-спикер Аида Касымалиева өткөн жумада документ артка кайтарылып эмес, күн тартибинен гана алынганын эскертти. Натыйжада мыйзам долбоорун карай турган болушту. Талкуу учурунда депутаттар Айнуру Алтыбаева, Бактыбек Райымкулов, Кожобек Рыспаев жана Сайдулла Нышанов суроо-жоопту токтотуп, биринчи окууда концепциясын жактырууну сунуштады. Бирок жумушчу комиссия түзүп, экинчи окууга чейин жаңы вариантын иштеп чыгуу керектигин айтышты.

Натыйжада депутаттар ушундай шарт менен биринчи окуудан колдоп берүүгө макул болушту.

Кайсы мыйзамдар сунушталууда?

  • "Министрлер кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамы;
  • "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" КР мыйзамы;
  • "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" КР мыйзамы;
  • "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" КР мыйзамы.

"Министрлер кабинети жөнүндө" долбоорго ылайык, министрлер кабинетинин (МК) түзүмүн президент аныктайт. Ал эми МК төрагасын, орун басарларын, министрлерди жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларын Жогорку Кеңештин макулдугу менен дайындайт. Укук коргоо органдары МК мүчөлөрүн жоопкерчиликке тартуу үчүн президенттин макулдугун алышы шарт.

Сыйлыгы болсо камалбайт. Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнө каралган кепилдиктер
"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" документке ылайык, аким кызматка президент тарабынан бекитилип, иштен алынат. Акимдин орду саясий кызмат болуп эсептелет, тийиштүү аймактагы башкы мамлекеттик кызматкер болуп саналат. Акимдин депутаттар сыяктуу эле кол тийбестиги болот. Буга байланыштуу кармалбайт, камалбайт, тинтүүгө алынбайт же текшерилбейт. Бирок кылмыш жасап жаткан жеринен кармалышы мүмкүн. Аким президенттин уруксаты менен жана башкы прокурордун сунуштамасы менен гана кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Акимдин ыйгарым укуктары аяктап, кызматынан кеткенден кийин кызматта турган кезде кылмыш жасаган болсо дагы кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт.

Ал эми Бишкек менен Ош шаарларынын мэрин министрлер кабинетинин төрагасы, башка шаарлардын мэрин жана айыл өкмөттөрдү аким шайлайт.

"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзам долбоорунда ишти жөнгө салуу каралган. Анда мамлекеттик кызматта 30 жыл иштегендерге бир миллион сомдук жөлөк пул берүү каралган.