Бостериге бир күнгө барып набыт болгон бала. Аким аквапарк боюнча жооп берди

Аким адам өмүрүн алган түтүктү тосуу иштеринен сырткары Бостери айылындагы башка да аттракциондорду текшерүү боюнча иштер уюштурулуп жатканын белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Бостери айылында жайгашкан "Золотые пески" пансионатындагы 18 жаштагы уландын өмүрүн алган түтүктү тосуп же анын жанына атайын белги коюу боюнча ӨКМге тапшырма берилген. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Ысык-Көл районунун акими Калыбек Жумадылов билдирди.

Эске салсак, 27-июль күнү Бостери айылындагы аквапаркта уланды суу түтүгү соруп кетип каза болгон.

Бостериде 18 жаштагы баланын аквапарктагы өлүмү боюнча иш козголду
Анын айтымында, азыркы тапта өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев иш менен таанышуу үчүн окуя болгон жерде жүрөт. Аларга "түтүктү жапкыла же атайын белги койгула" деген тапшырма берилген.

Буга чейин аким 18 жаштагы баланын өлүмү боюнча атайын комиссия түзүлөрүн айтып, текшерүүлөр жакшы жыйынтык бермейинче ушул сыяктуу аттракциондор жабылышы мүмкүн экенин билдирген. Бирок ал аттракциондорду жабуу үчүн ишкерлер тиешелүү органдарга өздөрү арыз менен кайрылышы керек экени маалым болду.

Жумадыловдун айтымында, "Золотые пески" пансионатындагы аттракциондорду учурда Нурбек Текебаев аттуу адам иштетет.

"Азыркы тапта бала кырсыктаган эки аттракцион жабык. Андан тышкары башка эки аттракцион иштеп жатат. Аларды көрүп, иши менен таанышуу үчүн кечээ ӨКМ, Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти, Экотехинспекциянын райондогу өкүлдөрү, айыл өкмөтү менен барганбыз. Аттракцион иштеткен өкүлгө текшерүү боюнча корутунду чыгып келгенге чейин өз ыктыярыңар менен арыз жазып 4-5 күнгө жабыла турбайсыңарбы деп сунуштадык. Бирок алар сунушка макул болгон жок, жаба албай турганын айтышты. Бирок биз аларга сүйлөшүү жолу менен убакыт бердик", — деди Жумадылов.

Аким өлкөдө бизнести текшерүү боюнча мораторийден улам жана бир нече министрликтер кошулуп кеткендиктен, райондогу Экотехинспекция аларды текшере албай турганын белгиледи.

Туризм департаменти Бостеридеги аквапаркта каза болгон бала боюнча үн катты
"Бул кызматтын текшере турган жобосу жокко чыгып калган. Энергетика жана өнөр-жай министрлигинин алдында тоо жана өнөр-жай коопсуздугу деген инспекция бар. Мындай учурда ошолор гана текшере алат экен. Биз аттракцион ээлерине ошол инспекцияга кайрылып, комиссия менен текшертип, алардын корутундусу менен иштегиле деген сунуш киргиздик. Мындан сырткары, бул иш боюнча эртең Бостери айыл өкмөтү айылдык кеңештин отурумун уюштурмай болду. Алар Бостеридеги дал ушундай аттракциондорду текшерүү боюнча прокуратурага кат жолдошот", — деди ал.

Жумадылов каза болгон 18 жаштагы улан Ысык-Көлгө бир күнгө эле эс алууга келгенин кошумчалады.